Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу 20.02.2014 12:13

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалган К.Исаевдин таржымалы

Turmush -  Исаев Канатбек Кедейканович 1975-жылдын 7-февралында Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Калиновка айылында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөө менен баштаган. 1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматында эмгектенген. 2001-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик салык кызматынын тышкы көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

2003-2007-жылдары Чүй райондук кеңешинин депутаты болгон. 2002-жылдан баштап 2005-жылга чейин «Тынай-Ата» биргелешкен дыйкан чарбасын жетектеген.

2005-жылы Финансы министрлигинин Кирешелер боюнча департаментинде фискалдык саясат башкармалыгынын жергиликтүү салыктардын бажы саясаты боюнча бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.

2006-2008-жылдары «Кыргызгаз» акционердик коомунун Чүй башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, кийин жетекчи кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэринин кызматын ээлеген.

2010-жылдын октябрында «Республика» саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин «Республика» депутаттык фракциясынын жетекчисинин кызматын ээлеген. Ошондой эле, 2010-2012-жылдары «Биримдик жана өнүгүү» жана «Биримдик» парламенттик фракцияларынын көпчүлүк коалицияларынын төрагасы болгон. 2013-жылдын 16-майынан бери «Ынтымак» депутаттык тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

КРнын «Көк-Бөрү» федерациясынын президенти жана «Улуттук ат оюндар боюнча республикалык «Аргымак» коомдук бирикмесинин төрагасы. 2013-жылы Эл аралык «Көк-Бөрү» федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган. «Тынай» көк-бөрү клубунун негиздөөчүсү.

КРнын Ардак граматосы (2012-жылы), КМШ ПААнын юбилейлик медалы (2012-жылы) менен сыйланган. Салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси ченин алган.

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Тема боюнча: Канат Исаев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×