Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу 20.02.2014 12:01

Канат Исаев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Turmush -  Канат Исаев КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды жана облустук администрациянын жамаатына тааныштырылды.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 20-февралда Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин отурумунда билдирди.

Мурдараак бул кызматты Кубанычбек Кулматов ээлеген. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалгандайн кийин, өкүлдүн милдетин Туратбек Жунушалиев аткарып келген.

Кошумчалай кетсек, К.Исаев Жогорку Кеңешке «Республика» партиясынан шайланып келип, андан соң фракциянын төрагасы болгон. Кийинчерээк аталган партиянын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×