Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЧүй району 13.02.2014 18:40

Чүй районунун Сайлык айыл аймагынын башчысы болуп Б.Турсуналиев шайланды

Turmush -  Чүй районунун Сайлык айыл аймагынын башчысын шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгында Сайлык айыл аймагынын башчысы болуп Турсуналиев Бактыбек Жумаканович шайлынды.

Маалыматка ылайык, ал 1984-жылы 12-декабрда туулган. Мектепти Токмок шаарында аяктаган. Жогорку окуу жайды - И.Раззаков атындагы КТУну 2005-жылы бүтүргөн.

2008-2011-жылдары айылдык кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланып, 2011-жылы айылдык кеңештин төрагасы болгон.

Ошондой эле өткөн жылы 8-чакырылышынын депутаты болуп кайра шайланган. 2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Азис» фермердик чарбасынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×