Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 12.02.2014 12:59

Милиция Ысык-Атанын жашоочуларын экс-депутатка карата митинг өткөрүүсүнө тыюу салды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын жанына Ысык-Атанын 20га чукул жашоочусу - «Алга» айыл чарба кооперативинин мүлкүндө үлүштүк мүчө төгүмү бар жамаат чогулду.

Алардын бири Кудайберген Мамыркуловдун айтымында, 9 жыл мурун ЖКнын экс-депутаты Акбөкөн Таштанбеков алдоо жолу менен райондун 300гө жакын жашоочуларынын үлүштөрүн алып алган.

Бул боюнча тургундар сотко кайрылышкан, бирок, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Канат Хасанов Ысык-Ата райондук сотторуна кысым көрсөтүп жаткандыктан, судьялар ишти Таштанбековдун пайдасына чечип жатат. Бул себептен алар митингге чыгышкан.

Бирок, митинг өтүп жаткан жерге келген милиция алардын плакаттарын тартып алып, ал плакаттардын айрымдары тытылды.

1 

2 

3 

4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×