Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуЧүй району 12.02.2014 11:49

Чүй университетинин негиздөөчүсү Султан Мамбеткалиев дүйнө салды

Turmush -  Кечээ, 11-февралда узакка созулган оорудан кийин Чүй университетинин негиздөөчүсү, бир катар эл аралык академиялардын анык мүчөсү, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Султан Мамбеткалиев 72 жашка караган чагында дүйнө салды. Бул тууралуу Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Султан Мамбеткалиев 1942-жылы Сары-Өзөн-Чүй боорундагы Кегети айылында жарык дүйнөгө келген.

Маркумдун сөөгүн узатуу зыйнаты эртең, 13-февралда киндик кан тамган жери Чүй районунун Кегети айылында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×