Бөлүмдөр
Бейшемби, 2-апрель

Айыл турмушу: Породалуу уй менен бука баккан Чыңгыз Сагыналиев

Чынгыз Сагыналиев
Чынгыз Сагыналиев

Turmush -  Чүй районунун Ибраимов айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылынын 44 жаштагы тургуну Чыңгыз Сагыналиев 10 жылдан бери сүт жана эт багытындагы уйларды багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 10 жыл мурун 3 кыргыз уйдун акчасына 1 породалуу уй алган.

«10 жыл мурун кадимки кыргыз уйларын бакчумун. Андан кийин породалуу уйларды багуу пайдалуу экенин билип, дароо кыргыз уйдун баарын саттым. Азыр швиц породасындагы уйларды багам. Булардын өзгөчөлүгү сүттү жакшы бергенинде. Бир жылда 6-7 тонна сүт берет. Ошондой эле эти да жакшы. Биздин Чүй облусунун шартына ылайыктуу. Жыл сайын жасалма уруктандыруу менен көбөйтүп алабыз. Мындан тышкары эт багытындагы ангус, симментал уй жана букаларды багам. Бир жолу 2 жаштагы букамды сойгондо 490 кг таза эт алгам. Чарбамдагы эӊ рекорд койгон ошол бука болду. Азыр 1,5 жаштагы бука бар. Тирүү салмагы 800 кг. Булар жем-чөптү жѳнѳкѳй букалардай эле жейт. Болгону табити жакшы. Берсеӊ жей берет. Жаӊы туулганда аябай кичинекей туулуп, бирок тез чоңоет. 3 айдан кийин баш бербей калат», - деди ал.

Каарманыбыз букаларын 2 жашка жеткирип, андан кийин сатарын белгиледи.

«2 жаш болгондо болжол менен 500 кг салмакка жетет. Аны 150 миӊ сомдун тегерегиндеги акчага сатса болот. Породалуу уйларды көбөйтүү үчүн атайын тренинг, семинарларга катышып, бул багытта тажрыйба алып, билимимди тереӊдетип жатам. Келечекте ушул мал чарбаны дагы ѳнүктүрсөм деген тилегим бар. Учурда чарбамда сүт багытындагы 6 уй, эт багытындагы 2 букам бар. Сүттү ортомчуларга ѳткѳрѳм», - деди ал.

Элеттик фермер үй-бүлѳлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

«Экономика тармагында билим алгам. Бирок кесибим менен иштеген жокмун. Окууну бүткѳн соӊ дароо айылга келип, мал чарбачылык менен алектенип жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×