Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуКемин району 15.01.2020 17:34 На русском

5 жаштагы кызын тиш дарыгердин кабинетине унутуп, үйүнө кетип калган апанын окуясы

Turmush -  Кубанычбек Молдогазиев тиш доктур болуп иштеп жатат. Ал 1991-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында төрөлгөн.

«2008-жылы Кара-Булак айылынын Күчүмбай Шаболотов атындагы орто мектебин аяктап, Кара-Балта шаарындагы медициналык училищага баргам. Ал жактан үч жыл окуган соӊ, 2011-жылы Бишкек шаарындагы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетине кабыл алындым. Аны 2016-жылы ийгиликтүү аяктап, Бишкек шаардык №4 тиш бейтапканасында интернатурадан өттүм.

Бул кесипти тандап калышыма чоӊ атам түрткү болду. Ал өз кезегинде мал доктур болчу. Кичинемде анын кылган иштерин көрүп, мен дагы доктур болсом деп кыялданчумун. Ошентип бала кездеги кыялыма жеттим», - деди ал.

Жаш тиш дарыгер эсте калган кызыктуу окуясынан айтып берди.

«Бир окуя эсимден кетпейт. Бир эже өзүнүн 5 жашар кызынын тишин дарылатканы келди. Дарылоочу тиштери көп убакытты талап кылгандыктан 1 сааттай алыштык. Ошол маалда ал эже жумуштарымды бүтүрүп келе калайын деп кеткен. Кыздын тишин дарылап бүткөндөн кийин апасын карасак, бейтаптар күтүүчү жайда жок экен. Анан кызды отургучка отургузуп койдук. Андан кийин башка бейтаптарды кабыл алып баштадым. Бир маалда карасам кыздын апасы дагы деле келе элек экен. Ошентип бир топ убакыттан кийин сырттан шашып кирип келип, "кызымды унутуп калыптырмын. Жумуштарым бүткөн соӊ, үйгө кетип калыптырмын" деп күлүп жиберди», - деди ал.

Тиш дарыгер үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×