Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуСокулук району 15.01.2020 15:17

Сокулуктагы билим берүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кафеден узатылды

Качкынбек Эмилбеков
Качкынбек Эмилбеков

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Качкынбек Эмилбековду кесиптештери кафеден узатышты. Бул тууралуу мугалимдер билдиришти.

Анын эмгек жамаат менен коштошуу кечесине райондогу мектептердин директорлору, райондун акими Асылбек Сатывалдиев катышты. Бул маалыматты Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Максат Молдалиева тастыктады.

Качкынбек Эмилбеков: «12-декабрда расмий түрдө жумуштан кеттим. 27-декабрда эмгек жамаат менен коштошуу иш-чарасы болду. Ага айыл өкмөт башчылары, мурунку акимдер А.Кенжебаев, Б.Саткеев жана азыркы аким А.Сатывалдиевдер келди», - деди.

2019-жылдын 22-ноябрь күнү Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Качкынбек Эмилбеков өз каалоосу менен берген арызынын негизинде кызматтан бошотулгандыгын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаган. Ошол күнү аймактык кабарчы Качкынбек Эмилбеков менен байланышканда, ал кызматтан кетпегенин айтып, төмөнкүдөй жооп берген.

«Мени кетти деп жазып жатышат. Мен кеткен жокмун, кеткенде өзүм билдирем», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×