Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.01.2020 13:28

Кара-Балтанын волейболчу кыздары «Бурганак» турниринде 1-орунду алышты

Волейбол
Волейбол

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинде волейбол боюнча «Бурганак» турнири болуп өттү. Мелдеш 10-январдан 13-январга чейин уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага 2002-жылга чейин жана ушул жылы төрөлгөн кыздар катышты. Бул турнир менен Кыргызстандын волейбол боюнча федерациясынын кенже курактагылар лигасынын X чемпионатынын биринчи айлампасы жыйынтыкталды.

Чемпионатта Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан, Бишкек шаарынан жалпы 10 команда ат салышты. Жыйынтыгында 1-орунду Кара-Балта шаарынын «Кайнар» командасы, 2-орунду Москва районунун Петровка айылынын «Эдельвейс» командасы жеңип алды.

Волейбол боюнча кенже курактагылар лигасынын алкагында 3 оюн: «Алтын күз», «Бурганак» жана «Нооруз» турнирлери өтөт. 3 оюнда тандалып алынган командалар финалда беттешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×