Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусу, Токмок 15.01.2020 12:43

Тез байып кетүүнү көздөгөн жаш келин конокко барган үйдөн алтындарды уурдаган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Токмок шаардык соту Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен айыпталган Самаранын (аты өзгөртүлдү, С.А.) жазык ишин карап чыкты.

Самара 1996-жылы Чүй районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, убактылуу иштебейт.

Айыпталуучу Самара 2019-жылдын 28-ноябрында жабырлануучу Тамаранын (аты өзгөртүлдү, Т.С.) үйүндө конок катары жүрүп, саат 23:00 чамасында үй ээсине байкатпай 12 400 сомдук уюлдук телефон, ар бири 5000 сом болгон эки даана алтын шакек жана 12 000 сомдук алтын чынжырчаны (аялга кишиге таандык) уурдап, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучуга жалпы 34 400 сомдук чыгым келтирилген.

Самара тергөөчүлөр тарабынан суралган учурда ал буюмдарды тез байып кетүү максатында уурдаганын билдирген.

Соттук териштирүүдө айыпталуучу менен жабырлануучу өз ара сүйлөшүп алышканын билдиришти. Ошондой эле материалдык зыяндын орду толтурулганын айтып, жазык ишти кыскартууну суранышты.

Жыйынтыгында сот Самараны жазык жоопкерчилигинен бошотуп, ишин кыскартты.

Соттун токтому 2020-жылдын 14-январында чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×