Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуАламүдүн району 15.01.2020 09:36

Жаш талант: А.Мамадиярова менталдык арифметика боюнча Грузияда өткөн мелдеште чемпион болгон

Turmush -  Аламүдүн районундагы Октябрь орто мектебинин 8-классынын окуучусу Мамадиярова Альбина менталдык арифметика боюнча Грузияда өткөрүлгөн мелдеште чемпион аталып, баш байгенин ээси болду. Ошондой эле Египетте өткөрүлө турган мелдешке жолдомо алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«9 айдан бери менталдык арифметиканы окуп келем. Ошол 9 айдын ичинде бир топ ийгиликтерге жетиштим десем болот. Алгач Сокулук районунда өткөн мелдеште биринчи орунду ээлеп, андан соң Ысык-Көл облусунда өткөн мелдеште дагы биринчи орунду ээлегем. Ошондо 2019-жылдын ноябрь айында өткөн Грузиядагы мелдешке жолдомо алгам. Ал мелдешке 5 мамлекеттен окуучулар катышты. Алар: Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Грузия жана Кыргызстан. Жалпы канча окуучу барганын билбейм, бирок катышуучулар көп болду. Ал эми Кыргызстандан болсо 30 окуучу барды. Мелдеште өтө деле корккон жокмун, анткени чемпион болорумду билгем. Себеби, мугалимим, туугандарым мага ишенген. Аларга ыраазычылык билдирем. Эми ушул жылдын март айында Египитте мелдеш болот. Ошого жолдомо алдым. Учурда ушул мелдешке даярданып жатам. Мугалимимдин айтымында, бул мелдешке даярдыгым мыкты. Кудайым буюрса андан дагы жеңиш менен келем деп ишенем», - деди ал.

Альбина 2006-жылы 16-августта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылында туулган.

«Атам Элибай Тажибаев, апам Кыздаргүл Турабаева, 7 баланы тарбиялап, өстүрүп жатышат. Мен 7 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Үч байкем жана үч эжем бар. Алардын көбү жогорку окуу жайды бүтүргөн болсо, айрымдары студент. Мен болсо Октябрь орто мектебинде окуйм.

Келечекке максаттарым көп жана аларга жетем деп ойлойм. Келечекте медицинаны тандагым келет. Бош убакта адабий чыгармаларды окуганды жакшы көрөм. Хоббим — сүрөт тартуу. Кичинекей кезимден эле сүрөт тартууга кызыгып келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×