Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 15.01.2020 08:31 На русском

Токмокто эки жаш бала жана карыя үйдүн ичинде камалып калган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында куткаруучулар үйүндө камалып калган 2 жаш балага жардам беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, мектепке чейинки курактагы эки бала үйүндө ойноп жатып эшикти ичинен бекитип алып, кайра ача албай калышкан. Сыртта жүргөн жакындары да эшикти ача албай, куткаруучуларды чакырышкан.

Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан №38 көп кабаттуу үйдүн бир батиринин эшиги бекилип калып, үйдүн ичинде эки жаш бала камалып калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнүн билдиришти. Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, бекилип калган эшикти ачып, балдарды жакындарына аман-эсен өткөрүп беришкен.

«Ошондой эле Токмок шаарынын Гагарин көчөсүндөгү №119 көп кабаттуу үйдүн батирин суу каптап, эшиги ачылбай калган. Батирдин ичинде карыган адам бар экен. Куткаруучулар барып, эшигин ачып беришкен», - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×