Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуСокулук району 15.01.2020 08:17

Сокулуктук футболчулар Чүй облусунун чемпиону болушту

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун «Биримдик-Сокулук» футбол командасы Кыргызстандын кубогу үчүн тандоо мелдешине катышып, Чүй облусунун чемпиону аталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган футбол команданын спортчулары билдиришти.

«Кичи футбол боюнча мелдешке Чүй облусу боюнча 10 команда катышып, 1-орунга ээ болдук. Ошондой эле Чүй облусунун атынан Кыргыз Республикасынын кичи футбол боюнча кубогуна жолдомо утуп алдык. Жакында Талас облусуна барып, ал жактын чемпиону менен күч сынашабыз», - дешти «Биримдик-Сокулук» футбол командасынын спортчулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×