Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЖайыл району 14.01.2020 23:43 На русском

Балыкчылар чортон кармоонун сырлары менен бөлүштү. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусундагы көлмөлөрдө чортон активдүү кармала баштады.

Чортон (тузсуз суудагы жырткыч балык) — көпчүлүккө көз арттырган олжолордун бири. Чүй облусунун бардык аймактарынан кездештирүүгө болот. Чортон кышы-жайы дебей башка балыктарга караганда активдүү келип, бардык сезондо балык уулоого чыккандарга өзгөчө сезимдерди, оң эмоцияларды тартуулайт.

Анын жүрүм-турумун, этинин даамын жакшы билип, жогору баалагандар 5 кг салмакка чейинки олжону кармашы мүмкүн.

«Кышкы балык уулоо оңой эмес. Чортон — балыкчылардын татыктуу атаандашы. Жайыл районундагы Токтош көлмөсүндө балыктын кайырмактагы жемди жакшы булкуганы күн бүркөктө жана кышкы жылуулукта байкалат. Чортон тамактанган жерде жакшы балык уулоо зарыл. Чортонду коркутуп албоо үчүн ал тамактанган жайды же балыктар топтолгон чуңкурду караңгылатуу зарыл. Бул балыкты кармаган кайырмактардын түрүн Чүйдүн аймагындагы атайын дүкөндөрдөн тапса болот», - деди балыкчылар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×