Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусу, Токмок 14.01.2020 10:54

Ак-Талаада чоңдорду ташып жүрүп сокур болгон Тыныбек жубайы менен «гаражда» жашап жатат

Turmush -  60 жаштагы Тыныбек Жороевдин үй-бүлөсү Токмок шаарындагы автоунаа токтотуучу жайдагы эски үйдө баш калкалап келишет. Тыныбектин айтымында, кырсыктан кийин эки көзү тең көрбөй калган. Экинчи турмушундагы жубайы жана уулу да майып.

«Кезинде эл катары турмушум болгон. Нарындын Ак-Талаасында колхоз-совхоздун унаасын айдап, чоңдорду ары-бери ташучумун. Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетип, колхоз-совхоздор жоюлган учурда да кесибимди таштаган жокмун. Айдоочу болуп жүрүп кырсыкка учурадым. Ошондо алгач бир көзүм көрбөй калды. Убагында баса калып дарылоого шарт жок, жүрө берип, экинчи көзүм чала-була көрө баштаган. Ошентип 2010-жылы көзүмө операция жасатып, бирок жыйынтыгы ойдогудай болбой, эми минтип такыр эле сокур болуп калдым. Биринчи аялым бир уул, бир кызым менен кетип калган. Азыр алар менен кабарлашпайм. Экинчи жубайым менен чогуу жашап келе жатканыбызга он жыл болду. Ал 48 жашта. Мунун да мурунку турмушунан бир уулу бар. Ал дагы тубаса майып. Шал оорусу менен жабыркайт. Ал эми жубайым дагы тубаса майып. Сылтып басат. Оор жумушка жарамсыз. Уулубузду жубайымдын Прогресс айылында жашаган таята-таенесине бергенбиз. Жубайымдын каттоосу да ошол даректе», - деди ал.

Алар ушул күнгө чейин Токмок шаардык мэриясынан жана социалдык коргоо башкармалыгынан эч кандай жардам албай келе жатышканын айтып, нааразы болушту.

«Токмок шаарындагы №1 кичи райондогу жеке менчик автоунаа токтотуучу жайдагы кичинекей үйдө 2010-жылдан бери баш калкалап келебиз. Короого кароолчу болгонубуз үчүн батирге акы төлөбөйбүз. Экөөбүздүн пенсиябыз биригип 5 миң сом болот. Башка эч жерде иштей албайбыз. Менин каттоом илгери Балыкчы шаарында болчу.

Мындан 3-4 жыл мурун жубайым майыптыгы боюнча анча-мынча жардам алып турчу. Азыр бербей калышты. Айыл өкмөттө соо киши катары катталып калган сыяктуу. Болбосо майыптыгыбыз боюнча тиешелүү документтерибиз бар», - деди ал.

Ал эми Токмок-Чүй социалдык коргоо башкармалыгынан төмөнкүдөй жооп беришти.

«Бул үй-бүлө боюнча кабарыбыз бар. Бизге жакында эле айтышты. Буга чейин Токмок шаарынын мэриясына жана Чүй-Токмок социалдык коргоо башкармалыгына кайрылышкан эмес. Токмок шаарындагы №1 кичи райондогу жеке менчик автоунаа токтотуучу жайдагы кичинекей үйдө жашаганы чын. Т.Жороев Балыкчы шаарында каттоодо экен. Ал майыптыгы боюнча жөлөк пулду ошол Балыкчы шаарынан алат экен. Ал эми жубайы Сыяпат Чүй районунун Прогресс айылынан болот. Өзүнүн шал оорусу менен ооруган баласын ата-энесине таштап коюп, бул киши менен жарандык никеде жашап жатат. Прогресс айылында калган 24 жаштагы баласына көмүр жана башка жардамдар берилип турат. Болгону ал бул киши менен жашайм деп Токмокко келген. Ал эми мэриянын материалдык жардамын алуу үчүн алар ушул жерде катталышы керек. Бирок мэрдин өзүнө кат жазып кайрылышса, анда атайын комиссия түзүлүп, комиссиянын чечими менен жардам берилиши ыктымал», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×