Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуПанфилов району 13.01.2020 12:08

Панфиловдо аз камсыз болгон 50 үй-бүлө көмүр менен камсыздалды

Turmush -  Панфилов районундагы Вознесеновка айыл аймагында аз камсыз болгон 50 үй-бүлө көмүр менен камсыздалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, Вознесеновка айыл аймагында Вознесеновка, Эркин-Сай, Орто-Кайырма айылдары жайгашкан. Калкынын саны 6 миңден ашык, көп улуттуу.

«Айыл аймактын жашоочулары айыл жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Жакында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 0,5 тоннадан көмүр таркатылды. Тактап айтканда, 25 тонна көмүр аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилди. Мындан сырткары бул айылдарга жарыктандыруу, жолдорду оңдоо жумуштары жүргүзүлгөн», - дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×