Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуЧүй району 13.01.2020 09:04

Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Turmush -  13-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×