Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуПанфилов району 11.01.2020 11:45 На русском

Москвада өлтүрүлгөн кыргызстандык жигит Чүйдө жерге берилди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жаңы жылда Москвада бычакталган кыргызстандык А.Б. 8-январда Чүйдүн Тельман айылында жерге берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, анын сөөгүн 7-январда жубайы коштоп келди. Ал Москвада 31-декабрда бычактан алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Тез жардам кызматын анын кан болуп үйдүн алдында жатканын көрүп калган адамдар чакырткан. Дарыгерлер ага 5 жолу бычак сайылгандыгын такташкан. Ага операция жасалып, бирок эсине келбей 2-январда каза болду. Кийин ал Жайыл районунун Ново-Николаевка айылынын тургуну экендиги такталды.

Каза болгон жигит Москвада башка кыргызстандыктар менен коңшу болуп жашап жүргөн. Жаңы жыл түнү коңшусу экөөнүн ортосунда чатак болуп, ал бычак менен сайып, балкондон кулатып жиберген. Кылмышка шектелген адамды полиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×