Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.01.2020 18:42

Кара-Балтадагы самбочулар эл аралык турнирден байгелүү кайтышты

Самбочулар
Самбочулар

Turmush -  2019-жылдын 27-декабрынан 30-декабрына чейин Бишкек шаарындагы «Динамо» клубунда жеткинчектер арасында самбо боюнча эл аралык турнир өттү. Ал СССРдин спорт чебери, дүйнөлүк кубоктун 3 жолку ээси, дүйнөнүн 6 жолку чемпиону, СССРдин 10 жолку чемпиону Виктор Тихоновдун жаркын элесине арналды.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын спортчулары, жалпы 250 самбочу катышты. Алардын ичинде Жайыл районунун 10 спортчусу бар. Аларды машыктыруучу Козубай Шеркозуев коштоп барды. Жыйынтыгында 34 кг салмактагы Марсел Алтынбеков 1-орунду, 46 кг салмактагы Аятулло Алтынбеков 1-орунду, 31 кг салмактагы Байэл Исаев 3-орунду алды. Аталган балдар Кара-Балта шаарындагы мектепте окушат.

Жеңүүчүлөр жана призерлор Кыргызстандын самбо боюнча федерациясы тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×