Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуСокулук району 10.01.2020 20:00

Сокулуктагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн аталышы кайдан келип чыккан?

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылынын аталышы 19-кылымда Россиядан биринчилерден болуп көчүп келген Гаврил деген кишинин ысымынан аталган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Медер Чинарбеков билдирди.

«Сокулук районундагы Гавриловка айылы турган жерге 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында Россиядан эӊ биринчилерден болуп көчүп келген Гаврил деген киши отурукташып калган. Кийин тегеректе жашаган жергиликтүү калк Гаврилдин айылы деп атап жүрүшүп, Гавриловка айылы атка конгон.

Гавриловка айыл аймагында 1920-1930-жылдары коллективдештирүү учурунда төрт колхоз түзүлгөн. Алар: Жангарач айылындагы «Чапай» колхозу, Шалта айылындагы «Кызыл-Аскер» колхозу, Романовка айылындагы «Сталин» колхозу, Гавриловка айылындагы «Фрунзе» колхозу. Кийин 1950-1955-жылдары аталган төрт колхоз биригип, Шопоков атындагы колхоз болуп түзүлгөн. Андан кийин 1996-жылы Гавриловка айылы айыл өкмөт макамын алган», - деди ал.

Аталган айыл аймактын бир жылдык бюджети 18,4 млн сомду түзүп, калкынын саны 9563 адамга жеткен.

«Гавриловка айыл аймагына Жангарач, Шалта, Романовка, Гавриловка айылдары кирет. Айыл аймак боюнча үч мектеп, төрт ФАП, бир спорттук зал бар. Ошондой эле ишканалар, кийим тигүүчү, кирпич чыгаруучу цехтер жайгашкан.

Гавриловка айыл аймагынын бир жылдык бюджети 2019-жылы 18 млн 407 800 сомду түзгөн. Элдин көбү айыл чарба, мал чарба менен жана ишканаларда эмгектенишет», - деди айыл өкмөт башчысы Медер Чинарбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×