Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуАламүдүн району 10.01.2020 13:13

Карышкырдын терисинен тигилген А.Касымовдун 80 000 сомдук тон, ичиктерин кимдер алышат?

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну Аалы Касымов жылына 70-80 карышкырдын терисин сатып алып, андан тон, ичик тигип, улуттук накр-насилди баалагандарга сатат. Анын кардарларынын арасында президентке, өкмөт башчыга жана башка аттуу-баштууларга белек катары тартуулайбыз дегендер да кездешет. Аалы мырза менен аймактык кабарчы таанышты.

Акыркы он жылдан бери карышкыр тон, ичик алгандардын саны көбөйдү

- Союз тарагандан баштап эле карышкырдын терисинен жасалган ичик, тон деген маанисин жоготуп, эл албай калган. Анткени ал кезде карышкырдын терисинен ичик эмес, жөнөкөй кийим кийиш кыйын болуп калган. Жакынкы он жылдан бери элдер жакшы заманга жетип, алды байып калгандан кийин карышкырдын терисинен жасалган ичик, тондорду баалап ала башташты. Азыр 70-80 жылдык мааракелерге алып, той ээсине кийгизип жатышат. Президент, өкмөт башчынын ордун куттуктаганда же партиянын лидерлерине кийгизебиз деп сатып алып кетишет. Негизи карышкыр тонду илгери аттуу-баштуу кишилер кийген. Карышкырдын касиети бар. Кайраттуу, көрөгөч, зээндүү, дайыма алдыда жүргөн жаныбар деп айтышкан. Нарында азыр деле карышкыр ичик кийип жүргөн аталар бар. Өзүӊөр билгендей, башка аймактарга салыштырмалуу Нарын суук жер. Карышкыр ичик, суусар тебетей кийип бараткан абышка алыстан таанылат. Анын сөлөкөтүнө сөлөкөт, дөөлөтүнө дөөлөт кошуп, кандайдыр бир сүрдүү, көрктүү кылып көрсөтөт.

Бир тон, ичикке 6 карышкырдын териси кетет

- Мурункулар карышкырдын терисин айран-сүт менен ашатып жасашчу. Бирок андан кандайдыр бир жыт чыгып, күбө бат түшчү. Азыр химиялык заттар менен тазалап даярдайбыз. Ошондо жыт чыкпайт жана күбө түшпөйт. Ошону менен бирге сындуу, көрктүү болуп турат. Карышкыр тонду же ичикти жасоого бери дегенде бир ай убакыт кетет. Терини алгач туздап, кургатып, сергиткениӊ эле он-он беш күндү талап кылат. Андан соӊ ашатасыӊ. Муну даярдаш татаал. Ага убакыт, сабыр, чеберчилик, кылдаттык керек. Бир тон, ичикке 6 карышкырдын териси кетет.

Карышкыр ичик, тон 80 миӊ сомдон жогору сатылат

- Кырчында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында этно базарга суусар тебетей, карышкырдын терисинен жасалган ичик, карышкырларды катырып алып барып, сатыкка койгом. Кыргыздар дагы, туристтер дагы сатып алышты. Алардын эӊ арзанын 15 миӊ сомдон, эӊ кымбатын 1000 долларга чейин өткөрдүм.

Катырылган карышкыр 75 миӊ сом болот. Аны түрү менен жасап беребиз. Жатканы, эӊкейип баратканы болот. Ал эми карышкыр ичик, тондор 80 миӊ сомдон жогору бааланат. Менден ортомчулар алып, алар 90 миӊ сомдун тегерегинде сатышат.

Жыл сайын 70-80 карышкыр сатып алып, аны кардарларыма катырып же тон, ичик тигип берем. Карышкырларды жети облустан сатып алам. Учурда 40тай карышкыр алдым. Эми дагы 40-50 карышкыр сатып алам. Карышкырдын терисин 10 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейин баалап сатып алам. Тишин, чүкөлөрүн кошо алам. Албетте, табияттын теӊ салмактуулугун да бузбашыбыз керек. Ага да маани берем. Жырткычтар көбөйүп, мал-жандыкка кол салуулар токтобой калган кезде, өкмөт аларды атып, азайтууга уруксат берет.

Мал чарбалар миллиондогон чыгымга туш боло баштаганда өкмөт карышкыр атууга уруксат берип, ал тургай карышкыр аткан мергенчилерге 4 миӊ 800 сомдон акчалай сыйлык көрсөтүлдү. Бул абдан жакшы көрүнүш. Ал эми карышкырды жөн эле атып таштап салбай, анын терисин мага окшошкон чеберлер алып, керекке жаратып жатышат. Кокус карышкыр аттуулар азайып, мал-жандыкка зыян тийбей калган учур болсо, анда бул ишти токтотуп турабыз. Бул эрежелерди так сактап келем.

Өзүм тууралуу учкай кеп

- Мен 1970-жылы Нарындын Ат-Башы районунда төрөлүп, ушул жерде өстүм. Кесибим зоотехник. Бирок тилекке каршы биз окууну бүткөн убакта зоотехниктерге жумуш деле жок болуп калган. Ошону менен бул кесиптен баар тапкан жокмун. 1994-жылы Чүй облусуна көчүп келгем. Бул иш менен алектенгениме толук 5 жыл болду. Үй-бүлөлүүмүн, 4 уулдун атасымын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×