Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусу, Токмок 10.01.2020 12:07

«Жамбашка акырын гана чаап коюш керек»: Токмоктогу акындын акыркы окуяларга болгон пикири

Turmush -  41 жаштагы Мирлан Сабыров Токмок шаарынын тургундарына мыкты ырлары менен таанымал. Учурда ал бул өнөрдөн бир аз алыстап, буюртма менен сүрөт тартып жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

- Саламатсызбы, Мирлан мырза. Акыркы жылдары эмнегедир чыгармачылыктан алыстап кеткендейсиз. Азыр эмне менен алектенип жүрөсүз?

- Саламатчылык.

- Мен негизи чыгармачылыкта тыныгуу болуп турушу керек деп эсептейм. Ыр жазуу жагынан тыныгуу алганым менен сүрөтчүлүк жагынан эс алганга убакыт жок. Өзүңөр көрүп тургандай мына ушундай сүрөттөрдү тартып жаткан учурум.

- Атайын буюртма аласызбы?

- Ооба, буюртма менен тартам. Көбүнчө кыргыздын каада-салтын чагылдырган сүрөттөргө буюртма беришет. Азыр дубалга илгеркидей килем илинбей калбадыбы. Кээде чет жактан келген меймандар дагы кызыгып алып кетишет. Эркиндикти сүйгөндүктөн өзүмчө кичинекей сүрөткана ачып алгам.

- Өзүңүз жөнүндө кененирээк айта кетсеңиз? Кайсы жердин кулуну болосуз?

- 1979-жылы 10-августта Кочкор районунун Орток айылында туулгам. Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура факультетинен живопись адистигин алып чыккам.

Өзүм бала кезимен эле сүрөт тартканга шыктуу болчумун. Чоң атам, атам, таятам дагы уста кишилер болчу. Чоң апам менен апам колунан көөрү төгүлгөн чебер, уз кишилер эле. Балким ошол кишилердин таланты мага жугуп, чыгармачылыкка жакын болуп калгандырмын.

Ыр жазып жүрүп, 2006-жылы өкмөттүн жаштар сыйлыгынын дипломанты болгом. 2003-жылы өткөн республикалык кароо-сынактын жеңүүчүсү болуп, 2006-жылы «ЭлЭс» аттуу ыр жыйнагын жарыкка чыгаргам. Биринчи жолу 1996-жылы туулган жериме арнап, «Туулган жер» деген ырды жазгам.

- Биздин заманда ырды жакшы жаза албаса деле чийки бойдон ыр жыйнак чыгарып, поэзия кечелерин берип жүрүшөт. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

- Азыр эми каражат болсо китеп чыгаруу жеңил болуп калбадыбы. Илгеркидей сындан өтпөйт, эч кимден уруксат албайт. Анан чала сабат, бирок акчалуу акындарга оңой да.

- Чыгармачыл адамды түшүнүп, чыдап жашоо кыйын экенин жакшы билем. Жубайыңыз жөнүндө кеп салсаңыз.

- Келинчегим Гүлзат менен чыгармачылык чөйрөдө таанышканбыз. Бир акын кыздын курбусу эле. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө колуктума «Жолугабыз» аттуу ырымды арнагам. Анан жылдызыбыз келишип баш коштук. Баш кошконубузга он жыл толду. Учурда Бекнур жана Баяман деген эки уулубузду тарбиялап, эриш-аркак жашап жатабыз.

- Акыркы убактарда маалымат булактарынан күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндер тууралуу окуп, көрүп жатабыз дегендей. Сиздин оюңузча аялга кандай мамиле жасоо керек?

- Чубак ажы айткандай, жамбашка акырын гана чаап коюш керек (күлүп). Тамаша. Эң оболу ортодо ишеним менен сый болуш керек. Ал эми мыкаачылык түрдөгү мамилеге каршымын.

- Өзүңүздү кандай түгөймүн деп ойлойсуз?

- «Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр» дегендей мен таарынышып кеткенде такыр сүйлөбөйм. Гүлзат болсо ак көңүл, тез жазылат. Мага ошол мүнөзү жагат, өзүмдүн мүнөзүм такыр жакпайт (күлүп). Бизде эң башкысы түшүнүү бар. Жаңы ыр жазганда дагы биринчи эле Гүлзатка окутам. Гүлзат менин биринчи окурманым жана сынчым болот. Ошентип азыркыга чейин жубайыма ыр жазып келе жатам.

- Маегиңизге ыраазычылык билдирүү менен бирге сизге жана үй-бүлөңүзгө бакыт жана ийгилик каалайбыз. Калемиңиз курчуй берсин!

Баркын билгени

Атам неге маңдайыман сылады?
Апам неге жылуу кийим кий деди?
Ата болом, бала күтөм мен дагы,
Ата-энемдин чындап баркын билгени.

Ата журтта ойноп-күлүп чоңойдум,
Ата журтум түшүмө не кирбеди?
Ата журттан айлык алыс боломун,
Ата журттун чындап баркын билгени.

Жан жыргатпай бүлбүл жанып жарыгын,
Жаштык отум жакшылыктуу күйбөдү.
Жашым өтүп көөнөрөмүн, карыймын.
Жаштыгымдын чындап баркын билгени.

Жер үстүнө жыргал үчүн келгенмин,
Жер үстүнөн жыргал мени көрбөдү.
Жер түбүнө түшүп кете беремин,
Жер үстүнүн чындап баркын билгени.

Жолугабыз

Убада бар, жолугабыз биз бүгүн,
Сейил күнгө айландырып иш күнүн.
Узун чачтуу, ууз эрдиңди боёнуп,
Турсаң керек маңдайында күзгүнүн.

Убада бир, жолугабыз биз бүгүн,
Утур карайм саатты, анан күзгүнү.
Алтын көкүл, алтын туяк, алтын ээр,
Араң тартып сагынычтын тизгинин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×