Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЖайыл району 10.01.2020 09:59 На русском

И.Хошимов эрежесиз эр уруш боюнча Казакстанда өткөн турнирден байгелүү келди

Turmush -  Жайыл районунун спортчусу эрежесиз эр уруш боюнча Алматы шаарында өткөн турнирден байгелүү келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

2019-жылдын 27-декабрынан 29-декабрына чейин Казакстанда эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча турнир өттү. Ибрагим Хошимов эки салмак категориясында күчүн сынап, 60 кг салмакка чейинкилер арасында 2-орунду, 65 кг салмакка чейинкилер арасында 1-орунду алды.

Жеңүүчүлөргө Казакстандын эрежесиз эр уруш федерациясы тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×