Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЖайыл району 10.01.2020 09:42

Жайылдын балбаны эл аралык мелдеште 3-орунду алды

Мухаммеднияз Авазбеков
Мухаммеднияз Авазбеков

Turmush -  Бишкек шаарында СССР жана КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Донбаевдин урматына жаштар арасында эркин күрөш боюнча турнир өттү. Ал 2019-жылдын 22-декабрынан 25-декабрына чейин уланды.

Турнирге Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын 600 балбаны катышкан. Анын ичинен 20 спортчу Жайыл районунан барып, Мухаммеднияз Авазбеков 65 кг салмакка чейинкилер арасында 3-орунду алды. Спортчуну Руслан Атакеев машыктырат.

Жеңүүчүлөр жана призерлор Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайы тарабынан дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Турнирге Жеңиш Донбаевдин мурунку окуучулары демөөрчү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×