Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусу, Токмок 09.01.2020 19:08

Айыл турмушу: Мушкер Н.Кудайбергеновдун окуучулары ийгилик жаратып жатат

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну Нурлан Кудайбергеновдун спортко келишине чоӊ атасы түрткү болгон. Ал учурда машыктыруучу болуп иштеп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Спортчу 1993-жылы Токмок шаарында төрөлүп, ушул жерде өскөн.

«Негизи спортко түрткү болгон киши чоӊ атам болду. Ал кезинде велоспорт, волейбол, баскетбол, жеӊил атлетика менен алектенчү. Чоӊ атам учурда 73 жашта.

Үйдөгүлөр мени 5 жашымда №61 лицейдин спорт залына алып барышты. Бокс менен машыгып, спорттогу жашоом башталды. Кийин «Касиет» аттуу спорт залда күрөш жана бокс менен машыктым. Мекен алдында өз милдетимди аткарып, аскерден 2012-жылы келдим. Ал жерден келгенден кийин эрежесиз эр уруш боюнча дагы күчүмдү сынап, Бишкекте өткөн мелдеште Кыргыз Республикасынын чемпиону болдум. Андан соӊ 3 жолу професионалдык беттеш өткөрдүм. Ошону менен спорттун чебери болдум», - деди ал.

Нурлан Кудайбергенов окуучуларды аскерден келгенден кийин машыктырып баштаган.

«Негизи бул машыктыруучулук ишти аскерден келгенден кийин баштадым. Ал боюнча атайын документ алгам. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын сырттан окуу бөлүмүндө билим алам.

Аскерден келгенден кийин Алтынбек Кошоев аттуу агайым менен бирге Токмок шаарындагы №1 кичи райондо Руслан Абасов атындагы спорт клуб ачканбыз. Алгачкы 3 жыл бокс клубун иштетип жүрсөк, учурда күрөш клубун иштетип жатабыз. Бизде 3 тайпа бар. Анда 60 окуучу машыгат. Эртеӊ менен, түштө жана кечинде машыгуулар болуп турат. Бизден машыккан окуучулардын ичинен 11 жаштагы бала КРнын 2 жолку чемпиону, Чүй облусунун чемпиону болгон. Евразиянын күмүш медалын алгандар бар. КРнын чемпионатынын призерлору бар. Чоӊдор арасында профессионалдык денгээлде ийгилик көрсөткөн балдар да жок эмес. Жалпысынан 7 чемпион бар десем болот», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×