Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуМосква району 09.01.2020 11:09

Беш-теректиктер айыл өкмөттүн ишине баа беришти

Turmush -  Москва районундагы Беш-Терек айыл өкмөтү «5» деген баа алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, Беш-Терек айыл өкмөтүндө Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы жыйынтыкталган. Анда жергиликтүү тургундар айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн «5» деп баалашкан.

Беш-Терек айылы райондун борборунан алыс жайгашкан аймактардын бири. Анда жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү айыл жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Айыл аймагынын инфратүзүмүн, элдин социалдык-маданий турмушун жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылган. Тактап айтканда, айылдын көчөлөрү, мектептин, айыл өкмөтүнүн, бала бакчанын жана мечиттин айланасы толук жарыктандырылып, түнкү жол чырактар коюлган. Ошондой эле зарыл болгон жерлерге видеокөзөмөлдөр да орнотулган.

«Жаңы жыл алдында Беш-Терек айылынын 45 жылдыгына карата көк бөрү оюну уюштурулду. Сармерден оюну уюштурулуп, таланттуулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мындан сырткары "Үлгүлүү үй", "Ынтымактуу көчө", "Мыкты мугалим" номинациялары да тапшырылды. Ал эми айыл өкмөт башчыбыз "Жылдын мыкты төрагасы" номинациясына ээ болду. Бул жаратылып жаткан ийгиликтердин негизинде жергиликтүү тургундар айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө "5" деген баа койдук», - дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×