Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 09.01.2020 10:26

Айыл турмушу: Нукуста өскөн Маргарита Сон ысык-аталык окуучуларга химияны үйрөтүп келет

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка орто мектебиндеги химик мугалим Сон Маргарита Исуновна өзүнүн сүйүктүү кесиби менен иштеп жатканына кубанат. Ал 1952-жылы мурунку Каракалпак АССРнин Нукус шаарында төрөлгөн.

«Мектепти аяктаган соӊ политехникумга тапшырып, бирок толук бүтпөй калгам. Анткени телефонист кесиби менин жан дүйнөмө туура келчү эмес. Бала кезимде эле мугалимдик кесипти жакшы көрчүмүн. Кийин 1975-жылы Чыгыш Казак мамлекеттик педагогикалык институтунун табигый география факультетиндеги химия-биология бөлүмүнө бардым. Ошол убакта ата-энем Кыргызстанга көчүп кетишти. Анткени апамдын туугандары ушул жерде жашашчу. 1980-жылы окуумду аяктап, мен дагы Кыргызстанга Ысык-Ата районуна келдим. Ошол кезде менде иштей турган жерди өзүм тандап ала турган укук болгон.

Ошентип, көчүп келген жылы эле Буденовка орто мектебине химия мугалими болуп жумушка кирдим. Ошондон бери ушул жерде иштеп келем. Кесибимди абдан сүйөм. Балдарды окутуу менен өзүӊ да көп нерсени үйрөнөсүӊ. Мен окуучуларымдын көӊүл борборунда болууну жакшы көрөм. Алардын баёо кыялы менен бирге өзүӊдү жаш сезесиӊ. Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн ар кандай баарлашууну, тегерек стол, анкета толтурууну уюштуруп турам. Лабораториялык көрсөтмө жана практикалык иштерди көп уюштурам. Бул окуучуларга абдан жагат», - деди ал.

Сон Маргарита жумушундагы эсте калган кызыктуу окуясын эскерди.

«Жумушка жаңы кирген жылдары мындай окуя болгон. Лабораториялык көрсөтмө учурунда ашыкча кислота куюп алып, пробирка ысып кетти. Андан кийин ал пробирка колумдан түшүп, андагы реактив полго төгүлдү. Ошондо полдун боёгу өчүп калды. Балдар чочуп, ордунан тура калышты. Баары «бул эмне?» деп сурашты. Таң калып, бир жагынан корккондой реакцияны жаратышты. Мен алардын алдында өзүмдү жоготпой, кислотанын касиетин түшүндүрдүм», - деди ал.

Каарманыбыздын маркум жолдошу өзүнөн 13 жаш улуу болгон.

«Жолдошум татар улутунан болчу. Ал мен иштеген мектепте дене тарбия мугалими болуп иштечү. Ошол жерден таанышып баш коштук. Экөөбүз туура 36 жыл бирге жашадык. Ал менден 13 жаш улуу болчу. Жумушума көп жардам берди», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×