Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуКемин району 09.01.2020 09:32

«Жеңеке»: Каттаманы сүттүү чай жана каймак менен чогуу саткан Ж.Айнидинова жол жээгинде соода кылат

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чолок айылынын тургуну Жайнагүл Айнидинова Боом капчыгайына жетпеген Муздак-Суу деген жерде тамак-аш сатып, соода кылып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жайнагүл Айнидинова 1984-жылы Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

«Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Эшперов айылындагы жигитке турмушка чыккам. Ортодо бир кызыбыз бар. Жолдошум менен Бишкекте уйгурлардын ашканасында иштеп жүрүп таанышып калгам. Кайын сиӊдим менен чогуу иштечүмүн. Ошол жолдошум экөөбүздү тааныштырган.

Жаӊы келин болуп келген кезде көп эле окуялар болот экен. Бир жолу эртеӊ менен туруп, чай кайнатайын деп самоорго от тамыздым. Бирок суу куйганды унутуп калыптырмын. Отту алоолонтуп жагып салып үйгө кирип кеткем. Чыксам самоор ээрип кетиптир. Ушул окуя эмнегедир эсимден кетпейт. Жолдошум романтик десем жаӊылышам, бирок зер буюмдарды көп алып берет», - деди ал.

Жайнагүл Айнидинова тамак-аштын түрүн жасап сатат.

«Аталган айылдагы Күчүнбай Шаболотов атындагы орто мектебинде окугам. Ата-энем Кемин районундагы Чолок айылына мал багып иштөө үчүн отурукташып калышкан. Кийин жол жээгинде ашкана ачышты. 15 жылдан бери тамак-аш сатышат. Азыркы учурда мен дагы ошол жерде тамак-аш жасап, каттама бышырып, ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатам. Каттаманы сүттүү чай жана каймак менен беребиз. Элдер тамшанып жешет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×