Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуКемин району 09.01.2020 08:40 На русском

Кеминде жеке менчикке өткөн бала бакча кайтарылып, 4,5 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Космонавтов көчөсүндө жайгашкан бала бакча кайрадан мамлекетке өткөрүлүп, оӊдоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, менчикке өтүп кеткен бала бакча 1 млн сомго сатып алынып, Кемин өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 4 млн 500 миӊ сомго оӊдоп-түзөө иштери башталган.

«Бала бакчага бара турган балдардын саны 400гө чукулдап кеткенине байланыштуу ушул ишти жасадык. Бала бакча толугу менен оӊдоп-түзөөдөн өткөн соӊ, 200 бала тарбияланат жана 29га жакын жумуш орду түзүлөт.

Мындан сырткары Абдубачаева, Восточный, Немцова, Амбулаторная, Каракол көчөлөрүнө жакын жерге мурдагы план боюнча дагы бир бала бакча курулмак экен. Айрым бир себептерден бала бакча курула турган жер тилкеси жеке менчикке берилип кетиптир. Азыр атайын комиссия түзүлүп, ушул жер маселеси каралганы жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×