Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуСокулук району 08.01.2020 19:14

Сокулук РИИБдин мурдагы жетекчиси катышкан жол кырсык: Маркумдун туугандары арызын кайтарып алышты

Turmush -  Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыктан каза болгон айдоочу Р.А.нын жакындары доо арызын кайтарып алышты. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, М.Чойбековдун жакындары маркум Р.А.нын туугандарына материалдык жана моралдык зыянды төлөп беришкен. Ошондон кийин Р.А.нын туугандары милицияга жазылган доо арызды кайра артка кайтарып алышкан. Маалыматты Максат Чойбековдун туугандары да тастыкташты.

«Ооба, арыз мыйзам чегинде артка алынды. Бул кырсык. Мындай жаман кырсыкты эч ким атайлап жасабайт. Биздин дагы абалыбызды туура түшүнгөн жабырлануучу тарапка ыраазыбыз. Ал эми Максат Чойбековдун ден соолугу акырындан калыбына келип жатат. Ал дагы деле дарыланууда», - дешти М.Чойбековдун жакындары.

Ал эми такталбаган маалыматтарга караганда, маркум Р.А.нын жакындары окуя болгон күнү М.Чойбековду коё берип жиберишкен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлерине нааразы экенин билдиришти. Алар кызматын так аткарбаган кызматкерлер өз жазасын алышы керек экенин айтышкан.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Сокулук РИИБдин мурунку башчысы Максат Чойбеков катышкан жол кырсыктан жаракат алган кичи автобустун жүргүнчүсү каза болгонун жазган.

Маалыматты 10-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

«Маркум Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө которулган. 9-декабрда саат 11:00 чамасында каза болду. Анын абалы абдан оор болчу», - деп айтылат маалыматта.

-----------------------------------------------------------

Жол кырсык 7-декабрда саат 04:00 чамасында Бишкек—Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында болгон. М.Чойбеков башкарып бара жаткан «Мерседес» унаасы «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кичи автобустун айдоочусу Кант шаардык ооруканасына жеткирилип, РИИБдин жетекчиси да ооруканага кайрылган.

«Мерседес-Спринтер» унаасында айдоочудан тышкары эки жүргүнчү болгон. Ал эми райондук милициянын башчысы унаасында жалгыз бараткан.

Ал эми РИИБдин мурдагы башчысы Максат Чойбековдун айтымында, кырсык болгон күнү Токмок шаарынан келе жаткан.

«Унаанын сол тарабы менен сүзүштүм. Унааны буруп, четке качканга үлгүрбөй калдым. Анткени жол тайгак жана коюу туман бар эле. Тез жардам кызматын жана ЖКККБнын, ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерин күттүм. Ал эми спирт ичимдигин ичип алыптыр деген сөз 100% жалган. Мен ушундай сөздөр чыкпашы үчүн дароо текшерилгем. Кагаздар турат. Азыр №4 шаардык ооруканадамын. Сол бутум жана оң жактагы 3 кабыргам сынган. Операция болот. Суроолор жаралып калбашы үчүн бул жерден да наркологияга кан тапшырып, текшерилип койдум. Азыр менин ойлонгонум экинчи унаадагы жабыр тарткандар. Аман-эсен сакайып кетсе экен дейм», - деген ал.

Максат Чойбеков

Максат Чойбеков

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×