Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуАламүдүн району 08.01.2020 11:11 На русском

Аламүдүндүн тургуну чоң тарыхтарга «күбө» болгон кытай идишин 5000 долларга баалады

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынын тургуну Владимир бир нече жыл бою чогулткан тарыхый буюмдарын сатуу менен алектенет. Ал буга чейин Кытайда эмгектенген. Ошол жерден бир нече антиквариат чогулткан.

Владимир учурда Цин династиясына таандык идишти 5 миӊ долларга баалап сатып жатат. Өзүнүн айтымында, ал колодон жасалган.

«Антиквариат чогултканды жакшы көрөм. Бирок, көбү сатылып кетти. Менде кымбат баадагы сүрөттөр болгон. Ал эми бул идишти 5000 долларга баалап койдум. Анткени бул идиш колодон жасалган. Ал Цин династиясына таандык. Бул династияда жашаган элдер идиштеги итти «ыйык» көрүшкөн. Идиште династиянын үлгүсү (белги) бар. Идиштин салмагы — 15 кг, бийиктиги — 56 см, диаметри — 45 см.

Мурун Кытайда иштегем. Ошондо ушул антиквариатты сатып алгам», - деди ал.

Цин династиясы — 1644-1911-жылдары Кытайды бийлеген манжурлардын династиясы. Кытайдагы акыркы монархиялык бийлик.

Цин династиясы Манжурия аймагында (Кытайдын түндүк-чыгышы) 1616-жылы негизделген. Алгач «Цзинь» (Цзиньчжурчжэндердин мамлекети. Алардан манжурлар бөлүнүп чыгып, өздөрүнүн Цин мамлекетин түзгөн), 1636-жылы «Цин» аталган. Кытайдагы саясий абалдын туруксуздугу, борбордук бийликтин начардыгы жана дыйкандардын узакка созулган көтөрүлүштөрүнөн пайдаланып, Цин династиясы алгач Кытайды, кийин Моңголияны жана Орто Азияны баш ийдирген. Манжурлар Пекинде өз позициясын жана бийлигин чыңдап, цин тартибин киргизген. Жогорку бийлик органдары менен армияны жетектөө манжурлардын колунда болгон. Түндүк Кытайга бийлигин орноткон соң, Цин династиясы коңшу мамлекеттерге кол сала баштаган.

Цин династиясынын бийлиги Синхай революциясынан кийин, 1912-жылы 12-февралда манжурлардын акыркы императору Пу И тактыдан баш тарткандыгына байланыштуу жоюлуп, ханьдардын улуттук мамлекети — Кытай Республикасы деп жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×