Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЧүй району 08.01.2020 20:00

Чүй айыл өкмөтүндөгү ата-энеси жок балдарга 10 миӊ сомдон берилди

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айыл аймагында ата-энесинен ажыраган 18 жашка чейинки балдарга айыл өкмөт тарабынан 10 миӊ сомдон акчалай жардам берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Жантай Шакеев билдирди.

«Биз ата-энесинен айрылган өспүрүмдөрдү жана аларды багып жаткан туугандарын чакырып, дасторкон үстүндө баарлаштык. Чүй айыл аймагындагы 18 жашка чейинки балдарга буга чейин айыл өкмөт тарабынан жыл сайын 1000 сомдон берилип келген. 2019-жылдын башында жергиликтүү кеңештин депутаттары ар бирине 10 000 сомдон берели деп сүйлөшүп, токтом кабыл алып беришкен. Бул каражат бир аз болсо да кем-карчысына жетет деп ишенебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×