Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуСокулук району 08.01.2020 09:26

Сокулуктун спортчулары 2 жылдын ичинде 300 медаль, 12 кубокко ээ болушту

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Пахта айылындагы спортчулар 2 жылдын ичинде 300 медаль, 12 кубокко ээ болушту. Бул тууралуу жаш спортчулардын машыктыруучусу Бобиржан Жиенбаев билдирди.

«Бул спорт клубду Кубат Алмазбеков, Темирлан Мамыров аттуу достор менен, ошондой эле айыл өкмөттүн жардамы менен 2016-жылдын ноябрь айында түзгөнбүз. Машыгууга керектүү анча-мынча жабдыктарды Жогорку Кеӊештеги депутат алып берген. Спорт залыбызды «Самбистер» деп атап алдык. Алгачкы бир жылды жөн гана машыгуу менен өткөрдүк. Башында аз эле окуучулар келип жүрдү. Кийинки жылы келгендердин саны арбып, ар кандай мелдештерге чыга баштадык. Учурда Жаӊы-Пахта айылынан жана коӊшу айылдардан келген 60 бала машыгат. Машыгуу эки нөөмөт менен өтөт. Улуу тайпа 1-3-5-күндөрү кечки саат 20:00дөн 22:00гө чейин машыкса, кичүү тайпа 2-4-6-күндөрү кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин машыгышат», - деди ал.

Бобиржан Жиенбаев: «2018-2019-жылдары чоӊ ийгиликтерге жетиштик. Биз тайпабыз менен Бишкек, Кант, Токмок, Талас, Нарын шаарларында өткөн турнирлерде чемпион аталдык. Президенттин кубогун дагы алдык. Ошентип эки жылдын ичинде жалпы 13 кубок жана 300 медалга ээ болдук. Мындан тышкары, 5 спортчу спорттун чеберине талапкер, 2 спортчу спорттун чебери болушту. 3 спортчубуз республиканын чемпиону болушту. Мунун баары айылдык балдардын ийгилиги», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×