Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуАламүдүн району 07.01.2020 15:08

Айыл турмушу: В.Касымалиева жолдошун Индиянын тасмалары аркылуу тапкан

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын тургуну Венера Касымалиева жолдошу менен Воронцовка айылындагы маданият үйүндө таанышкан. Алар бирге түтүн булатып жашап келе жатканына быйыл 34 жыл болот. Венера айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, жолдошу экөө бир айылдан болушат. Өзү 1969-жылы төрөлсө, күйөөсү Баатырбек Өмүралиев 1962-жылы төрөлгөн.

«Ал менден 7 жаш улуу. Экөөбүз бир айылда, кошуна көчөлөрдө жашачубуз. Ал Кыргыз деген көчөдө жашаса, мен Октябрь көчөсүндө жашагам. Союз мезгилинде Воронцовка айылында маданият үйү бар эле. Ошол жерден 1985-жылы таанышканбыз. Ал кезде маданият үйүндө Индиянын тасмалары көрсөтүлүп, дискотекалар болуп турчу. Айылдагы курбуларым менен тасма көргөнү, дискотекага көп барчубуз. Жолдошум экөөбүз ошол жерден таанышып, бири-бирибизди жактырып баш кошконбуз», - деди ал.

Алардын 3 кыз, 1 уул жана 8 небереси бар.

«Ал кезде азыркыдай үлпөт той болчу эмес. Нике кыйып, туугандарды чакырып, чакан той беришчү. Ал учурда элдер абдан ыймандуу болчу. Той орду менен өтчү.

Бактылуу үй-бүлөнү түптөп, элдин артында же алдында эмес, жакшынакай турмушубузду өткөрүп келе жатабыз. Байлык деген бул неберелерибиз, балдарыбыз. Негизи үй-бүлөдө ынтымак болсо, калганы жакшы болот.

Улуу кызым Айзаданын 2 баласы, экинчи кызым Айсалкындын 3 уул, 1 кызы, андан кийин Байыш аттуу уулумдун 1 кыз, 1 уулу бар. Кичүү кызым Тахмина Таш-Дөбөдөгү мектеп-гимназияда 10-класста окуйт. Ал 2003-жылы төрөлгөн. Эӊ кенжебиз ушул», - деди ал.

Венера айым айылдагы жаштардын баарын өзүнүн уул-кызындай көрөт.

«Жолдошум экөөбүз совхоздо иштеп жүрүп үй алдык. Негизи өзүм бала кезимден активдүүмүн. Бир нерселерди уюштурганды жакшы көрчүмүн. Совхоздо иштеп жүргөндө дагы көптөгөн мактоо баракчаларды алдык. Кийин дүкөндө дагы иштедим. Ал эми Таш-Дөбө айылдык кеӊештин депутаты болуп иштеп келе жатканыма быйыл төртүнчү жыл болот. Балдарыӊ өз ордун таап, ынтымактуу болуп, бири-бирин сыйлап, жакшы жашап жатса ата-эненин бактысы ошол. Айылдагы уул-кыздардын баарын балдарымдай көрөм. Биздин айыл өкмөттө алты айыл бар. Ошол алты айылдын жаштары келип, менден акыл-насаат сурап турушат. Мен дагы жаштарды туура жолго үндөп турам.

Жаштар көтөрүмдүү болсо дейм. Азыр заман жакшы болуп калды. Иштесеӊ, баарын табасыӊ. Биздин убакка салыштырмалуу азыр көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Адам баласы талыкпай эмгектенсе, сөзсүз ийгиликтерге жетет. Кудайым эмгекчил адамды жакшы көрөт. Бакыт дегенди кармап калганды билиш керек. Барга көппөй, жокко чөкпөш керек. Азыр өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсо, эле баары болот.

Учурда жаштар сөз көтөрө албайт. Укмуштуудай той өткөрүп, эртеси эле ажырашып кетип жатышат. Негизи эркекке караганда аялдар акылдуу болуш керек. Аял эркекке атаандашпай, аны жылуу мамиле менен жолго салып, турмушту оӊдоп кетсе болот. Уруш-талаштан эч нерсе чечилбейт. Тарбия уядан башталат. Тектүү жердин уул-кызы деген сөз чоӊ маанини берет. Сый-урматка татыган үй-бүлө экенин билгизет. Мына ошондой наамга жетиш керек. Балдарды үйдөн кандай тарбиялап чыгарсаӊ, ал өз жашоосунда дагы ошондой болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×