Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуПанфилов району 07.01.2020 13:02

Панфиловдун Кумарык айылындагы тургундар Жаңы жылды кантип тосушат?

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Орто айыл өкмөтүндөгү Кумарык айылынын тургундары Жаӊы жылды өзгөчө тосушат. Алар Жаңы жыл алдында чогулуп, кой союп, дасторкон даярдап, майрамды көңүлдү өткөрүштү.

«Биздин Кумарык айылыбыздын Кара-Булак деген көчөсү бар. Ушул көчөнүн тургундары Жаӊы жылды жыл сайын өзгөчө белгилейбиз. Бир кой союп, бир үйгө дасторкон даярдап, саат 16:00дөн саат 23:40ка чейин майрамдайбыз. Бул аралыкта жаштар сыртка чыгып, ырдап-бийлешет. Биз болсо жакшы тилектерди айтып, бата кылабыз. Саат 23:40та үйлөрүбүзгө тарап кетебиз. Саат 24:00дө ар бирибиз өз үй-бүлөбүз менен президенттин куттуктоосун угуп, майрамдайбыз», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×