Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуЖайыл району 07.01.2020 12:17

«Элеттик бойдоктордун жан дүйнөсү башка, ошол үчүн айылдан кеттим»: Жаш акын Изатинин баяны

Изати Белекова
Изати Белекова

Turmush -  «Гитара күүсү», «Таенемдин жомоктору» китептеринин автору, «Жаш акын», «Алтын сыя» төш белгилеринин ээси Изати Белекова Кара-Балта шаарынын 36 жаштагы тургуну. Анын жашоосу, чыгармачылык жолдору менен аймактык кабарчы таанышты.

Изати Белекова 1984-жылдын 8-декабрында Суусамыр өрөөнүндөгү Биринчи май айылында төрөлгөн. 4 жашында тамга таанып, 5 жашында чакан дил баяндарды жаза баштаган күндөрүн, кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөнгөн балалык жылдарын сыймыктануу менен эскерет: «Элет жашоосу эмнегедир башкача. Эртеден кечке тыным албаган эмгек. Бизди атам Шабданбек менен апам Айгүл эмгек аркылуу тарбиялады. Ыраматылык атам мектептин да чарба иштерин тейлечү. Апам үй жумуштары менен алек эле. Мен үй-бүлөдөгү 5 бир туугандын эң кенжеси элем. Үйдө темирдей тартип болгон. Атамдын айткан бир эле сөзү, табыштамасы биз үчүн жазылбаган мыйзам, алтын эреже эле. Улуу байкем, эжелерим болгондон уламбы, үлбүрөгөн кичине кыз болгонумданбы, айтор мени сырткы чарба жумуштарына көп аралаштырчу эмес. Апамдын кемселинин, күрмөсүнүн өңүрүнө башымды жөлөп, анын кол өнөрчүлүк чеберчилигине тыкыр көз салчумун. Ошентип жүрүп сайма саюуну, байпак токуганды, шырдак шырганды, курак кураганды тез эле өздөштүрүп алгам. Атам менен апам айылчылап кеткен күндөрү бизде майрам болчу. Улуу эжебиз Гүлзат бир колуна китеп, экинчи колуна бор кармап, бизди жер төшөккө катар отургузуп, "мугалим" оюнун баштачу. Кадимкидей сырттан киргенде ордубуздан төртөөбүз тең тура калып "Саламатсызбы, эжеке?" деп тосуп алчубуз. Ал да тим эле каадаланып, боюн түптүз кармап, "Саламатчылык, отургула" деп койчу. Анан дептерин карап, "Белекова Изати барбы?" дегенде ордумдан тура калып жанына чуркап барчумун. "Ордуңа отур" деп, саамай чачымдан сылап, бетимден өөп койчу. Биздин жашыбыз ар түрдүү болгону менен өтүлө турган темабыз бир болгон. Ошентип, сабак башталчу. Бор менен шифонердин бетине тамгаларды жазып үйрөтө баштайт эле. "О" тамгасын мен да дептериме тегеректеп жазып, чоң "О" тамгасынын ичин кичинекей "о" тамгалар менен толтуруп салчумун. Баары күлүп жибергенде уялып, дептериме жата калып көрсөтчү эмесмин. Капысынан сырттан мотоциклдин үнү "дүр" деп угулганда атам-апамдар келе жатканын билип, шифонердин бетиндеги бор менен жазылгандарды жапырт тазалап калчубуз. Азыр бир туугандар топтолгондо ошол күндөрдү сөз кылып, жыргап күлүп калабыз. Ал күндөрдөгү жоруктарыбызды атам билсе да билмексен болуп койчу. Ошондон баштап атам базарга барганда ар бирибизге бирден китеп сатып келчү болду. Эсимде "Тайкүлүк" деген китепти алганымда эч кимге карматпай, "кээде койнума да ала жатчумун. Ошентип, 4 жашымда тамга таанып, китеп окуганды үйрөнүп, 5 жашымда чакан дилбаяндарды жаза баштагам. Анын темалары "Жаз", "Жай", "Күз", Кыш" делип, жыл мезгилдерине көбүрөөк арналчу.

Жашым жеткенде мектепке бардым. Мен тамгаларды мурда эле таанып бүткөндүктөн жомок китептерди окуу менен алектенет элем. Мүмкүн, "Таенемдин жомоктору" аттуу китебимдин жазылышына ошол күндөр негиз болгон шекилдүү. 5-классымда К.Жантөшевдин "Каныбек" романын толук окуп чыккам. Негизи үй-бүлөбүз китепкөй болгон. Ар бирибиз окуган китептерибизди тизмелеп да алчубуз. Айылдаштардан адабий китеп сурап үйүнө барат элек. Бул көнүмүш адаттай эле кабыл алынчу. Азыр эмнегедир адабий китептин изин кууп же бирөөдөн сурап окуган адам аз. Мен аны өз жашоомдо байкап келем. Азыр Кара-Балта шаарындагы №4 мектепте тарбиялык иштердин уюштуруучусу болуп эмгектенем», - деди Изати.

Ал айылдык орто мектепти «эң жакшы» деген баалар менен аяктаган соң, 2003-2009-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик жана маданият институтунан мамлекеттик тил адистиги боюнча жогорку билим алган. Студенттик күндөрүндөгү кубаныч, өкүнүч күндөрүн мындайча баяндайт.

«Ал мезгил өмүрүмдөгү унутулгус жылдар. Студенттик күндөр өз нугу менен жүрүп жатты. Алгачкы жемиштүү кадамым 1-курста эле 18 жашымда ОшМУда өтүлгөн илимий-практикалык конференцияга катышканым болду. Анда "Полот хан" жөнүндө доклад окугам. "Адабий Ала-Тоо" гезитине "Азапка салба" ырым жарык көрдү. Бул көч башаты уланып, ырларым гезит бетине жарыялана баштады. Өзүмдөн өзүм кубанып, менден бактылуу адам жоктой сезилген күндөрүм эсимде. 2-курсумда институт тарабынан уюштурулган К.Тыныстанов атындагы сынакта 2-даражадагы диплом менен сыйландым. 3-курста "Эркин Тоо", "Адабий Ала-Тоо" гезитине "Карандай калптан чындык чычая качабы?" деген макалам жарык көрдү. Анда Юдахиндин сөздүгүндө Х.Карасаевдин эмгеги бааланбай калгандыгы жөнүндө сөз болгон. Коомчулук кандай кабыл алганын билбейм, мен үчүн өтө актуалдуу тема эле. Азыр да ойлонуп көрсө кеч эмес. 4-курска барганда өзүм көп түйшүк тарттым шекилдүү. Гитара, компьютер, англис тили курстарында да окуй баштадым. Окуу жайдын маданият министри да элем. "Кыз-жигит" гезитинин штаттан сырткаркы кабарчы, окуу жайдагы сабагым баары мага оор жүк болду окшойт, өтө катуу ооруп калдым. Башым айланып, муундарым калчылдап, буттарым араң шилтенип, кээде адам тааныбай калган күндөрүм да болду. Ооруканада көпкө дарыландым. Апамдар ошондо "сага көз тийди, кызым. Эл катары эле окуп жүрө бербейсиңби? Качан болсо китептен башың көтөрүлбөйт. Мээңди эс алдырганды билбейсиң!" дешип, оорукадан соң Суусамырга алып кетишти. Жашоонун өз мыйзамы болот тура. Айла жок окуумду сырттан улантууга туура келди. Азыр чоң өкүнүчүм ошол. Илимий, чыгармачылык иштеримдин башталышы солгундай, туурасын айтканда токтоп эле калды. Айылда деле көпкө турбадым. Себеби, биз элеттик бойдок жигиттердин жан дүйнөсүн жакшы билебиз да. Алар бойго жеткен кызды дароо эле ала качып кетишет. "Көз тийди" деген сөздү чынында эми гана түшүнүп барам. Апамдар ошондой жоромолдошуп, "кыргызчылык" да кылышты. Кыскасы, тез эле сакайып, шаарга келдим. Ленин районундагы Арча-Бешик айыл өкмөтүнө ишке орноштум. Токтом жазганды катыра үйрөндүм. Андан соң И.Арабаев атындагы КМУда усулчу болуп азыраак иштеп, ден соолугума байланыштуу андан да чыгып алдым. Акыркы курс болгонумдан дипломдук ишке баш отум менен кириштим.

Баса, дипломдук ишим К.Тыныстановдун "Жаңыл мырза" поэмасы тууралу эле. Жетекчим эл акын Анатай Өмүрканов агайым болгон. Бир күнү агай: "Изати, сенин ырларыңды окудум. Мындан кийин сүйүү темасында эле ыр жазып жүр. Ошого жакшы тишиң өтөт экен" деди. Айткандай эле ырларымдын 99 пайызы лирика, сүйүү ырлары. 2009-жылы жогорку билимдүү болуп, Ж.Баласагын атындагы КУУдагы Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу институтуна ишке орноштум. Анда этика боюнча сабак да өтө баштадым. 2017-жылы "Гитара күүсү", 2018-жылы "Таенемдин жомоктору" китептерим жарык көрдү. "Жалгыз сөзүм", "Сагындым", "Сага деген", "Дарактар да сагынат" деген ырларыма обондор жаралып, ырдалып келет. "Кыргызстан обондору" "Сезим сырлары" берүүсүндө 6 прозалык, 6 поэзиялык чыгармаларым жаңырган. "Багыт" чыгармачыл борборуна , "Аруу дүйнө" адабий клубуна, "Жайыл-Ата" коомуна мүчө болуп жүргөнүмө кубанып, ыр менен жашап жүрөм», - деди жаш акын.

Ал жакында «Макмал-креатив» адабий бирикмеси тарабынан «Алтын сыя» төш белгисин да тагынган.

Айланайын

Чалкыган түбү терең дайрадайым,
Чок сымал көздөрүңө байланайын.
Чаңкаган көңүлүмө кубат берген,
Чарчабас калемиңен айланайын.

От болсоң ооздук бербес багынайын,
Суу болсоң чамындыдай агылайын.
Кургаган сезимиме кубат берген,
Кулпурган ырларыңан кагылайын.

Издесең керек жерде табылайын,
Үшүсөң жалбырт жанып жагылайын.
Ырларың бүт дүйнөмдү ээлеп алды,
Ырыңды Теңир кылып табынайын.

Шилтесең камчың болуп чабылайын,
Оорусаң дартың алып дарылайын,
Түндөсү түштө көрүп, күндүз ойлоп,
Түйшөлүп элесиңди сагынайын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×