Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.01.2020 08:10

Чүйдө чыгармачыл 2 адам «Жаш акын» төш белгисин алышты

Turmush -  Панфилов районунун 32 жаштагы тургуну Азим Сатымкулов менен Кара-Балта шаарынын 36 жаштагы тургуну Изат Белекова «Жаш акын» төш белгисин алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Панфилов районунун тургуну, коомдук ишмер Бекбүбү Асанкулова билдирди.

Анын айтымында, төш белгилер Москва шаарындагы «Аруу дүйнө» адабий клубу тарабынан ыйгарылды.

«Аруу дүйнө» адабий клубу Айжан Мамасадыкованын жетекчилиги менен Москва шаарында негизделген. Учурда Кыргызстандын 7 облусунда координаторлор иш алып барышат. Чүй жана Бишкек региону боюнча панфиловдук Азим Сатымкулов менен кара-балталык Изат Белековалар «Жаш акын» төш белгилерин тагынышты. Жайыл ата музейинде атайын иш-чара өткөрүп, аларды коомго мүчөлүккө кабыл алдык. Ал салтанатка акын-жазуучулар Догдурбек Юсупов, Болот Жумагулов, журналисттер жана «Багыт» адабий борборунун мүчөлөрү катышты. Жаш акындарга батабызды берип, акындар ыр белегин тартуулашты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×