Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуЖайыл району 06.01.2020 16:13

Москвада бычакталган кыргыз жигиттин жакындары окуянын чоо-жайын айтышты

Адилет Байсабаев
Адилет Байсабаев
// Фото предоставлено родственниками

Turmush -  Москва шаарында бычакталган кыргызстандык жигиттин жакындары анын өлүмү тууралуу кээ бир маалыматтарды айтып беришти.

Маркумдун бир туугандарына маалым болгондой, 1994-жылы туулган Байсабаев Адилет Рыспекович ушул жылдын 2-январында бычактан жаракат алып, Москва шаарындагы ооруканада каза болгон. Бул окуяга чейин аны медициналык мекемеге комада жаткан абалда алып келишкен. Дарыгерлер жаш жигит бычактан 5 жолу жаракат алганын билдиришкен. Ага операция жасалып, бирок ал өзүнө келбестен каза болгон.

«Адилет жакында эле үйлөнгөн. Москва шаарында жубайы жана Ош облусунан барган мекендешибиз менен бирге жашачу. Ал дагы Россияга иштегени барган экен. Жаңы жыл алдында алар ичип отурушуп, майрамды бирге тосууну пландап жатышкан. Алардын ортосунда жаңжал чыгып, коңшусу Адилетти бычак менен сайып жиберген экен», - деп билдиришти каза болгон кыргызстандык жигиттин жакындары.

Буга чейин Москва шаарында кыргызстандык жигит бычактан жаракат алып, каза болгону жана туугандары сөөгүн алып кете албай жатканы маалымдалган. Кийинчерээк Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жаш жигиттин сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси көзөмөлдөнүп жаткандыгын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×