Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуКемин району 06.01.2020 12:36

Чым-Коргондогу социалдык шаарчада жашаган үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылында жайгашкан социалдык шаарчанын тургундарына көмүр отуну таратылды. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, көмүр отуну демөөрчүлөр тарабынан бекер таратылган. Учурда бул шаарчада нан бышыруучу цех курулуп жатат. Ошондой эле жалгыз бой энелер тигүүчүлүк боюнча билим алып жатышат.

«Алар окуусун бүтсө, шаарчада салынган тигүү цехте иштеп, жумуш менен камсыз болушат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×