Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуМосква району 06.01.2020 11:40 На русском

Сүйүктүүлөрүн издеп, аларга жакындагысы келген текенин окуясы жана ага күбө болгон мергенчилер

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Тоо эчкилерин аңдып чыккан текени муз үстүндө тамактаган карышкырларды аткан мергенчи, спорттун чебери Каныбек Раимкулов Москва районундагы Чоң-Арык айылынын 37 жаштагы тургуну. Анын аң уулоодогу кызыктуу окуялары, мергенчилик өнөрү, спорттун бокс түрү боюнча жетишкен ийгиликтери менен аймактык кабарчы таанышты.

Каныбек Раимкулов 1983-жылы Москва районундагы Чоң-Арык айылында төрөлгөн. Мектеп жашына чейин ата-энесинин колунда тарбияланып, балдар менен чүкө оюнун ойноп, баштыгына миң чүкө топтогонун, балалыгын сагынуу менен эскерет.

«Балалык мезгилимди эстегенде раматылык атам Кадыржан менен апам Алтынай көз алдыма тартылат. Алардын арбагына арнап куран окуйм. Бейиши болсун. Мени өтө жакшы көрүшөт эле. Үйдүн кичүүсү болгонумданбы же тынбай ары-бери чуркай бергенимденби, айтор кайда жүрүшсө жанына ала жүрүшчү. Атам агроном болгон. Ошону менен бирге мергенчилик өнөрү менен да элге таанылган. Байкем Зарылбек менен эжем Аселден жашынып, апам тигип берген баштыкка чүкөлөрүмдү салып, балдар менен ойногону кетип калчумун. Топуракка буланып, кечке чүкө ойнор элек. Ошондо эле оюн тартиби бузулса чырылдап жатып калчумун. Мушташып кеткен күндөр да болду. Жакшы ойнойт элем. Көп балдардын чүкөлөрүн утуп алчумун. Баштыгыма миң чүкө топтогом. Шагыратып көтөрүп келсем, үйдөгүлөр күлүп калышат эле. Өзүм менен өзүм болуп, эртеңки "бойго" катуу даярданат элем. Ошентип, мектепке да бардым. 1-класстан 9-класска чейин "5" деген баага окудум. Эсимде, 6-классымда атам мылтык сатып берген. Айыл четине чыгып, Талант байке экөөбүз кыргоол, чил атар элек. Бош мезгилде бокс менен да машыгып жүрдүм. Бул нерселердин баарын ата-энем толук көзөмөлгө алып турган.

Орто мектепте окуп жүргөндө Анара деген кызга ашыктык пайда болду. Ал бизден бир класс төмөн окуйт болчу. Анара айылдын башында жашаса, мен аягында турчумун. Ар түрдүү шылтоолор менен айылдын башына көп барчу болгом. Экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк. Бир айылда, өзгөчө бир көчөдө жашагандан, бир мектепте окугандан улам бири-бирибизди жакшы билчүбүз. Анын көздөрүнөн эле келечектин жолдорун көрүп турчумун. Ошентип, биз сүйүү сезимине байланганбыз. Орто мектепти аяктап Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-куруучу бөлүмүнөн жогорку билим алдым. Анара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен биология мугалими адистигин алды. Ошентип, 2008-жылы баш коштук. Кудайга шүгүр. Ажара, Айбийке, Илимай аттуу 3 кыздуу болдук. Анара айылдагы мектепте мугалим. Мен Чоң-Арыктагы спорт комплексинде бокс боюнча машыктыруучу болуп эмгектенем», - деди ал.

Маалыматтарга таянсак, тоо эчкилеринин (кийиктер) куут мезгили 20-ноябрдан 20-декабрга чейин болот. Бул мезгилде текелер кезет. Таң заардан кечке тоо эчкилерин аңдып, аларга жетүүгө ашыгат. Күчөп турган мезгилинде көздөрүнө анча-мынча нерселерди илбейт. Дал ушул мезгилде аң уулоого чыгуу өзүнчө кызыктуу экенин мергенчилер белгилешет. Мындай жагдайды өз башынан өткөргөн мергенчи Каныбек мындай дейт:

«Айылдашыбыз Ыкын байке аң уулоого өтө шыктуу эле. Анын да көзү өтүп кетти, жарыктык. Бир күнү экөөбүз аң уулоого сапарга чыктык. Жылдыздар эми тарап, таң сүрүлө баштаганда Ак-Суу капчыгайындагы тоого жеттик. Эс ала отуруп, айланага дүрбү сала баштадык. Бир убакта тээ маңдайдагы таштын үстүндө текенин эки жагын каранып турганын көрдүк. Менимче, куут мезгилинде алар ошентип тоо эчкилерин издешет эмеспи. Кайра-кайра дүрбү салып, аны кайда сапар тартарын акмаладык. Ошол учурда андан алыс эмес жерде 2 карышкырдын турганын да дүрбүдөн байкадык. Оңдоп кайра дүрбү салсак, дагы 4 карышкыр топтолуп турат. Кызыктын баары эми баштала турган болду. Биз мүмкүн болушунча ташка жашындык. Ал эми теке эч нерседен бейкапар төмөн жактагы сууну көздөй жөнөдү. Бир убакта суунун аркы-берки бетин торой текени карышкырлар качырып кирди. Тим эле кинодогудай. Теке улам секирип качып барат. Ыкын байке "Ок чыгарба, Каныбек. Булар азыр текени музга алып барышат" деди. Мен түшүнө-түшүнбөй акырын баш ийкеп койдум. Байке айткандай эле болду. Текени кубалашып отуруп, музга алып келишти. Көрсө, жырткычтар да билет тура. Теке музда жүрө албай тайгаланып жыгылды. Ошол замат алар текени баса калышты. Тамактан алып сүйрөй баштады. Бизге 200-250 метрдей аралыкта эле. Ошол замат ок чыгардык. Капчыгай ичи жаңырып эле жатып калды. Эки карышкырды ошол жеринде аттык. Калгандары заматта качып кетишти. Үлгүрбөй калдык да. Муз үстүнө чуркап жете келдик. Текени тамактан алып канжалатып салыптыр. Эки карышкырды, текени жүктөп айылга кеч жете келгенбиз.

Мергенчиликте кызыктуу окуялар көп болот. Ар бир аң уулоо өзүнчө жомок. Мына, жаңы жыл алдында аң уулоого кеткен адамдарды аныктоо боюнча тоо тарапка төртөөбүз автоунаа менен жөнөдүк. 31-декабрда бир аз кар жаабадыбы. Бир убакта кардан карышкырдын изин көрүп калдык. Автоунаабызды ылдамдатып отуруп, карышкырларга жете келдик. Болгону 2 гана ок, менде гана мылтык бар эле. 20-25 метрдей аралык калганда эки карышкырды сулата аттым. Ордунда жыгылды. Огум түгөнүп калбадыбы. Калган 4 карышкыр качып кетти. "Аттиң!" деп арманда кала бердик. Атылган карышкырларды айыл өкмөтүнө билдирип, тийиштүү адамдарга тапшырдык. Эми бизге сыйлык берсе керек», - деди мергенчи.

Тема боюнча: Жаңы жылда Чүйдөгү коктудан жырткычтар өлтүрүлдү (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×