Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуЖайыл району 06.01.2020 09:57 На русском

Чөө менен чогуу чөө издеген тайгандар. Аңчылыкка мылтыксыз чыккан Ш.Кожомбаевдин боорду эзген окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Малтабар айылынын тургуну Шейшен Кожомбаев 15 жылдан бери кыргыз тайгандары менен мергенчиликке чыгып келет. Ал айылдаштары менен бирге жылына 20га чукул жырткычтарды тайгандары менен кармайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Башында айылдагы балдарды ээрчип жүрүп эле аңчылыкка кызыгып кеттим. Ошол 15 жылдан бери көптөгөн тайгандарды бактым. Азыр менде Учар жана Туйгун аттуу эки тайганым бар. Тайгандарымдын ар бири өзгөчөлүктөргө ээ. Бири жеткенин тиштеп кое бербесе, дагы бири жыркычтын изин жакшы кубалайт.

Тайгандардын арасында күлүгү, коркогу, алгыры болот. Негизи тайганды үйрөткөндөн болот. Кээ бир тайганда мергенчилик инстинкт кечирээк ойгонсо, айрымдарыныкы эрте ойгонок. Мисалы, эркек тайгандарга караганда ургаачы тайгандар тың келип, аӊчылыкка эрте чыгып баштайт.

Мергенчиликке Жайыл районунун тегерегине чыгабыз. Тайгандарыбыз менен жылына 15-20 чөө, 3-4 түлкү кармайбыз. Себеби, биз жакта чөө көп. Алар түлкүнүн балдарын дагы жеп кетип жатышат. Ошондуктан түлкүнүн санын сактап, ага көп жолобойбуз. Көпчүлүк айылдыктардай эле Малтабар айылындагы тургундар мал чарба, дыйкан чарба менен алектенет.

Чөөлөр түлкү, кыргоол дегендерди, үйдөн болсо майда жандыктарды жеп кетип жатат. Ошол себептен ал жырткычтарды жылына азайтып турабыз», - деди ал.

Элеттик мергенчи аңчылыктын кумарын айтып берди.

«Кыргыз тайганы башка иттерден кооздугу, тазалыгы, акылдуулугу, жеӊилдиги менен айырмаланып турат. Ээсине абдан берилип кызмат кылат. Тайган менен мергенчиликке чыгуудагы сезимдерди айтып жеткирүү кыйын. Аны аңчылыкка чыгып сезиш керек. Бул экстремалдык азарт оюн десек да болот.

Чөө кубалаганда тоо-ташты аралап, ызы-чуу болуп эле калабыз. Биз мергенчиликке мылтык менен чыкпайбыз. Эгер мылтык менен чыксак, анда тайган багуунун кереги жок. Тайган менен мергенчиликке чыгуунун кызыгы жок болуп калат. Айылдан Атаркул, Мадияр, Толкунбек Нурсултан аттуу балдар болуп мергенчиликке чогуу чыгып турабыз», - деди ал.

Шейшен Кожомбаев мергенчиликте эсте калган кызыктуу окуяларын айтып отуруп, эӊ эле кызыктуу дегенин баяндап берди.

«Кызыктуу окуялар көп эле болот. Бир жолу айылдагы балдар менен чөөнү кубалап жүрүп аябай чарчап калдык. Биз менен кошо тайгандарыбыз да чарчап, акактап калышкан болчу. Кеч кирип да кеткен. Бир маалда чөө көргөндөй болдук. Биз кыйкырып-өкүрүп, тайгандарды салып калдык. Тайгандар биз кыйкырып көрсөткөн тарапка чуркап жөнөштү. Негизи эки тайган кубалаш керек эле. Карасак эле эки тайгандын ортосунда чөө дагы чуркап бараткан экен. Тайгандар чарчап калгандыктанбы же кыйкыргандыктан адашып калдыбы, айтор чөө менен чогуу чөө издеп баратышыптыр. Ошону көрүп алып аябай күлгөнбүз. Негизи тайгандар катуу чарчаганда жытты жакшы билбей калат», - деди ал.

Мергенчи үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×