Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.01.2020 09:41

Кыргызстандын асман тиреген тоолоруна суктанган россиялык турист

Turmush -  Россиялык турист Дмитрий Свиридов Кыргызстанда аны өзгөчө эмне суктандырганын аймактык кабарчыга айтып берди. Анын айтымында, ал Москвада төрөлүп, ошол жакта өскөн. Кыргызстанда жашаган досуна конокко келип, кыргыз тоолоруна саякат кылган.

«Биз шаардан 20 чакырым алыстагы тоого чыктык. Мен физикалык жактан даяр эмес болгондуктан бийик көтөрүлгөн жокпуз. Анча чоң эмес жол менен эки саат бастык. Аба ырайы бүркөк болчу. Кара-Балта шаарын туман каптап турган эле. Биз тумандан өткөндөн кийин күндүн ачык тийип турганын көрдүк», - дейт турист.

Ал аны Кыргызстандын асман тиреген тоолору өзгөчө суктандырганын айтат.

«Деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте эң кооз көрүнүшкө күбө болдук. Ошол жерден мен кыргыз тоолору окенга барабар деген сөздүн маанисин түшүндүм. Айланага көз салып, жаратылышка суктанганга эмне жетсин. Кыргызстандын асман тиреген тоолорун кайра көрүү үчүн бул өлкөгө кайра келгим келди», - деди Д.Свиридов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×