Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуЖайыл району 05.01.2020 19:10

Москвада бычакталган кыргыз жигиттин туугандарынын билдирүүсүнө элчилик жооп берди

Turmush -  Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада каза болгон кыргызстандык жигиттин денесин мекенине жөнөтүү маселесин көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандын сөөгү тергөөчүдөн уруксат алгандан кийин дароо мекенине жеткирилет. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. Уруксат берүүчү документтерди даярдоонун созулуп жатканына тергөө иштери жана эс алуу күндөрүнө туш келгени себеп болууда. Ошондой эле эс алуу күндөрүнө байланыштуу элчиликте тез байланыш телефондору иштеп жатат. Анда элчиликтин кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, ИИМ учурда тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Миграция кызматы маркумдун жакындарына 50 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берет.

Буга чейин Москва шаарында кыргызстандык жигит бычактан жаракат алып, каза болгону жана туугандары сөөгүн алып кете албай жатканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×