Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуПанфилов району 05.01.2020 13:59

Мергенчи К.Чомаев эки эң чоң карышкырды атып өлтүрдү. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну, мергенчи жана спортчу Казбич Чомаев эки карышкырды колго түшүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Казбич Чомаев 20 жылдан бери карышкыр жана чөөлөргө мергенчилик кылат. Жыл сайын ал ондогон жырткычтарды жок кылып, фермерлердин чыгымдарын үнөмдөйт.

«Мергенчиликке чыкканда эски методдорду колдоном. Карышкырлар куу болушат, алар түнкүсүн айылга түшүп келишет дагы таң атканда тоого качып кетишет. Ошол учурда аларды кармаса болот. Кеч киргенде алар түшүп келген жолунан тосом. Бул жолу дагы ошондой ыкма менен эки чоң карышкырды кармадым. Декабрь айынын аягында эки карышкыр, башында бир карышкырды аттым. Ошентип, 2019-жылы жалпы 9 карышкырды жана ондогон чөөлөрдү колго түшүрдүм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×