Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуЧүй району 04.01.2020 11:22 Жаңыланды: 04.01.2020 15:33

Унаа жуучу жайда иштеген өспүрүм «Хонда Фит» унаасын айдап качып кетти

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети айылынан автоунаа айдап качкан 15 жаштагы өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жабырлануучу билдирди.

Анын айтымында, ал «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын ижарага берип турат.

«Менден унааны ижарага алып, пайдаланып жаткан жигит аны Бишкек шаарындагы унаа жуучу жайлардын бирине токтотуп кеткен экен. Ошол учурдан пайдаланып, унааны жууп жаткан 15 жаштагы өспүрүм бала аны айдап кетип калыптыр. Буга чейин, бир жума мурун «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унааны айдап качкан экен. Ал бала Ала-Бука районунда 2004-жылы төрөлүптүр. Унаамдын уурдалганы тууралуу интернет желесине билдирүү жазып, көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнгөм. 3-январь күнү бир адам телефон чалып, Кегети айылында унаамды көргөнүн айтты. Дароо барып кармап, баланы милицияга өткөрүп бердим», - деди ал.

Ал эми Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда унааны уурдап качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Унааны уурдап качуу фактысына шектүү делип 2004-жылы туулган М.М. кармалып, Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда Жазык кодексинин 206-беренесинин (автоунаа уурдап качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды», - деп айтылат маалыматта.

шектүү өспүрүм

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×