Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуМосква району 02.01.2020 15:45

Жаңы жылда Чүйдөгү коктудан жырткычтар өлтүрүлдү (сүрөт)

Turmush -  31-декабрда Москва районундагы Ак-Суу коктусунан 2 карышкыр атылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Чүй облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, атуу иштери жырткыч жаныбарлардын санын азайтуу максатында уюштурулду. Анын натыйжасында Ак-Суу коктусунан 2 карышкыр атылып, 4 карышкыр качып кетти. Атылган карышкырлар болжол менен 3-4 жаштагы дөбөттөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×