Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуМосква району 31.12.2019 12:33 На русском

Москва районунда 6 жаштагы Нуркызга улак жана  жомок китептер берилди

Turmush -  Кечээ, 30-декабрь күнү Петровка айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында жашаган 6 жаштагы Тойчубек кызы Нуркызга райондун акими Өмүр Ногоев жомок китептерди жана улакты жаңы жылдык белекке берди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөтүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, Кызыл-Туу башталгыч мектебинин 1-классынын окуучусу, 6 жаштагы Тойчубек кызы Нуркыз райондун акимине почта аркылуу кат жолдогон. Каттын негизинде ага жомок китептер жана улак берилген.

«Тойчубек кызы Нуркыз 6 жашта. Ал почта аркылуу райакимге кат жөнөткөн. Катта мындай деп айтылат: "Саламатсызбы? Менин атым Нуркыз. Жашым алтыда. Биринчи класста окуйм. Менин кичинекей бөбөгүм бар. Сизге өзүм кат жазгым келди. Жаңы жылга ар түрдүү жомок китептерди алгым келет жана кичинекей бөбөгүмө кичинекей улак суранат элем. Чоң ыракмат. Жаңы жылыңыз менен куттуктайм. Каалаймын сизге узун өмүр". Ошондон улам анын суранычы орундалып, ага жомок китептер жана улак белекке берилди. Ал эми Петровка айыл өкмөтү тарабынан да белектер ыйгарылды», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×