Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуМосква району 31.12.2019 10:12

Москва районунун акиминин жаңы жылдык балатысында 100 окуучу сыйланды

Turmush -  Кечээ, 30-декабрда Москва районунун акиминин жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Анда оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев катышуучуларды куттуктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондун акиминин жаңы жылдык балаты майрамы райондогу ресторандардын биринде өткөн. Ага оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону К.Осмоналиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору К.Аманкулов, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгынын жетекчиси О.Кыдырбаев, раймамадминистрациянын, соцтүзүмдөрдүн кызматкерлери, спорт чеберлери, мугалимдер жана эң мыкты окуучулар катышкан.

Райондун акими Өмүр Ногоев балаты майрамынын ачылышында куттуктоо сөз сүйлөп, райондун социалдык-экономикалык, саясий-маданий жетишкендиктери ар бир атуулдун кошкон салымы экендигин баса белгиледи. Ошондой эле билим берүү, спорт, маданият, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда бир топ жетишкендиктер жаралып жаткандыгына токтолуп, келе жаткан 2020-жыл да жемиштүү, жеңиштүү болуусуна тилектеш экендигин билдирди. Ошондой эле, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча тиешелүү жетекчилер сөз сүйлөп, сергек жашоого чакырышты. Ал эми оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев ар бир төш белги артыкчылыкка ээ экендигин айтты.

Салтанатта райондун акими Өмүр Ногоев эң мыкты окуган 100 окуучуга ыраазычылык кат жана жаңы жылдык белек тапшырды. Ал эми 14 мугалимге жана спорттогу жетишкендиктери үчүн 22 спортчуга раймамадминистрациянын ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Ал эми райондун акими Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев атынан райондун элине жолдогон куттуктоосун айтты. Акимдин жаңы жылдык майрамында Аяз ата Аяз кызы менен келип, катышуучуларды куттукташып, белектерин беришти. Балатыда сүрөткө түшүшүп, ырдап, бийлеп беришти. Салтанат жаңы жылдык концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×