Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Чүй облусуКемин району 04.01.2020 15:01 На русском

Уяң жүндүү койлорду баккан Б.Капаровдун бизнеси. Сүрөт

Бегалы Капаров
Бегалы Капаров

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Көк-Ойрок айылынын тургуну Бегалы Капаров кыргыз тоолуу меринос койлорун көп жылдардан бери багып келет. Учурда анын чарбасында 500 баш кой бар.

«Илгертеден бери меринос тукумундагы койлорду багып келем. Эгемендүүлүк жылдары адистер австралиялык кочкорлорду алып келип, ушул меринос койлору менен аргындаштырып, кыргыз тоолуу меринос койлорун чыгарган. Кийин мен дагы Австралиядан алып келинген 4 кочкорду сатып алып, койлорум менен аргындаштыргам.

СССР убагында Австралия атаандаш өлкөлөргө бул кочкорлорду берчү эмес экен. Бирок эмнегедир эгемендүүлүк жылдары Аскар Акаевге берген экен. Кыргыз мамлекети тууралуу мурун укпагандыктанбы же СССРдин курамында биздин бар экенибизди билбегендиктенби, айтор Кыргызстанга бериптир», - деди ал.

Жеке ишкердин айтымында, бул койлордун эти да, жүнү да баалуу. Ал гана эмес кыгы да бааланат. Кыгы кышкысын отун катары жагылып, жазында жер семирткич катары колдонулат.

«Чарбамда 500 баш кой бар. Козулары ушул тапта 3000 сомдон болуп жатат. Ал эми чоӊ койлор 5000-6000 сомдун айланасы болот. Бул койлор чыгымды бир жылда эле актап берет десем жаӊылышпайм. Анткени мунун жүнү да, эти да баалуу. Чарбаны бир тууган иним жана балдарым болуп иштетебиз. Ал эми койдун жүнүн кырккан маалда киши жалдайбыз. Кыгын кышкысын отун кылабыз. Жазында жер семирткич катары колдонобуз.

Токту-боруктар 5 кг, чоӊ койлор 8 кг, ал эми кочкорлор 17 кг салмакка чейин жүн берет. Менден кытай ишкерлер 350 сомдон алып кетишти. Илгери союздун убагында мындай жүн бир гана меринос коюнда эле болот деп окутушчу. Ал эми эти майсыз болот. Канчалык семиз болсо да, май көп боло бербейт. Азыр көптөр май жебей калбадыбы. Бул кой бир жылда бир төлдөйт. Менин койлорум апрелдин онунан баштап тууп баштайт. Ушул мезгилде тууп бергени жакшы. Себеби, кой көк чөпкө тоюп, желинине сүт барып калат. Ошондо козулар тыӊ болот. Болбосо козулары бир аз мажүрөө келет. Анан чоӊоюп алса баш бербей калат», - деди ал.

Анын чарбасы Көк-Ойрок айыл өкмөтүндөгү Башкы Үч-Булак деген кыштоодо жайгашкан.

«Биздин рынокто мериноско эч бир кой атаандаша албайт. СССР кезинде окумуштуулар кыргыздын ак коюн аргындаштырып отуруп, 36 жылда кыргыз мериносун чыгарышкан экен. Эмне деген эмгек? Анан ал кыргыз мериносуна биз кийин Австралиядан келген меринос кочкорду кошуп, аргындаштырып алдык. Мурункудан да мыкты асыл тукум болуп чыкты. Бирок мындай эмгекти бир заматта талкалап койгондор бар. Мисалы, кара кочкорду кошуп жиберсеӊ, бир жылда кара козулар жайнап чыга келет. Ошону менен мериностун каны өзгөрүп кетет. Аны кайра меринос кыла албайсыӊ. Ак койго алмаштыруу үчүн бери дегенде 20 жыл талап кылынат», - деди ал.

Ушул сыяктуу макалаларды «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан кенен окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×