Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуЧүй району 04.01.2020 18:27

Айыл турмушу: Социалдык педагог Э.Исакованы капа кылган жана кубандырган окуучунун окуясы

Эсенбүбү Исакова
Эсенбүбү Исакова
// Турмуш

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районундагы №1 орто мектептин социалдык педагогу Эсенбүбү Исакова «Баатыр эне», «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилерин алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалим 1956-жылы Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн.

«1964-жылы №1 орто мектепке кирип, аны 1974-жылы аяктагам. 1975-жылы Фрунзедеги В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун химия-биология факультетине барып, 1980-жылы химия-биология мугалими болуп чыккам. Бала кезде бардык жаштардай эле мугалимдеримди кумир тутуп, ушундай мугалим болсом деп мектепти аяктаганча кыялданып жүрдүм. Ошол тилегиме жеттим десем болот. Мен сыймактанган, ушул күнгө чейин унутпаган мугалимдерим бар. Айрымдары каза болуп калышты», - деди ал.

Ардактуу мугалим жаӊы сабак өтүп баштаган кездеги бир окуясын унутпайт.

«Мугалим дагы окуучудай бала кыял болуп калат. Алар сага таарынса кыжалат болосуӊ же сени таарынтса, кадимкидей баладай таарынып каласыӊ. Кечирим сураса кубанып каласыӊ. Ушул сөзүмө далил кылып, бир окуямды айта кетейин. Окуу жайды жаӊы бүтүп келип, окуучуларга ачык сабак өтүп калдым. Класс жетекчилер, башка мугалимдер да класста отурушат. Бир окуучу сабакка тоскоолдук кылып, такыр тынчтык бербей койду. Бир айттым, эки айттым, анан ызаланып кеттим. Баланы колунан жетелеп, сыртка чыгарып жибердим. Андан ары сабагымды улантып жатсам, баягы бала кайра кирип келди. "Сен менин сабагыма тоскоолдук кылдыӊ. Сенин тарбияӊ жок, уятыӊ жок" деп тилдеп кирсем эле, "эже, кечирип коюӊуз, мен сабакка кечигип калдым. Эми келе жатам" деди. Мен болсо "калп айтпа, мен сени жаӊы эле сыртка чыгарып жибердим го" дедим. "Жок эже, мен сабакка кечигип калганда коркуп кирген эмесмин" деп ал өзүнүкүн бербейт. Үйгө барганда, "эмне себептен кайра келип, мен кечигип калдым деп айтты. Анда чыгарып жиберген кайсы бала?" деп көпкө ойлондум. Себеби, мен бул класска жаӊы келген болчумун. Түн бир окуумда эки бала тең көз алдыма келе баштады. Экинчи келген бала чындап башка турбайбы деп, эртеси класска жетип эле окуучудан кечирим сурадым. "Сени адашып урушуптурмун, мени кечирип кой" десем ал бала "эже, менин кечиккенимди кечирип коюӊуз" деп айтты. Анда мага тынчтык бербеген бала тура калып, "баарыӊардан кечирим сурайм" деп жиберди. Ичимден ыраазы болдум. Ушул окуяны такыр унутпайм», - деди ал.

Эсенбүбү Исакова: «Бул аралыкта айыл өкмөттө да эмгектенип калдым. Бирок 2 жыл араӊ иштедим. Себеби, андай жерден мен балдардын дүйнөсүндөй дүйнө тапкан жокмун. Андан кийин турмуш шартка байланыштуу 2002-жылдан 2010-жылга чейин иштебей калдым. 2010-жылдан баштап Чүй районундагы №1 орто мектепте адеп сабагын окутуп баштадым. 2014-2015-окуу жылынан баштап социалдык педагог болуп иштеп жатам. Соцпедагог дагы өзүнчө кызыктуу жумуш экен.

Азыркы окуучулар менен союз мезгилиндеги окуучулардын айырмасы асман менен жердей. Ал кезде элдин кулк-мүнөзү башкача болчу. Азыр окуучулар дагы, ата-энелер да башкача. Балдар виртуалдык жашоодо жашап калгандай сезилет. Баары эмес, айрым окуучулар. Ошол эле маалда айрым бир ата-энелер баланын алдындагы милдетине көп көӊүл бурушпайт. Болбосо мурда соцпедагог деген жумуш жок болчу. Айрым ата-энелер милдеттеринен качкандыгынан улам келип чыккан кызмат болуп калды», - деди.

Эсенбүбү Исакова үй-бүлөлүү, 3 уул, 4 кыздын апасы.

«Жолдошум Шакир Токтоналиев, кесиби боюнча инженер, бирок ал дагы мектепте эмгектенет. Экөөбүздүн 3 уул, 4 кыз, 16 небере, 3 чөбөрөбүз бар. Кудайга шүгүр! Ооруп мектепке барбай калсам, окуучуларымды сагынып калам. Мугалим — ардактуу кесип», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×